4-6-майда Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт

  • 2 года мурун

4-6-майда Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, 4-майда күндүз жана 5-майда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо мөндүр жаашы күтүлөт. Абанын температурасы бир аз төмөндөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты