Кемероводо — үч күндүк аза күтүү (видео)

Кемероводо — үч күндүк аза күтүү (видео)

Россиянын Кемерово облусунда алтымыштан ашык адамдын өмүрүп алып, жүздөгөн кишилерди жабыр тарттырган “Зимняя вишня” соода-оюн-зоок  борборундагы ири өрт кырсыгы чыккандыгына байланыштуу, үч күндүк, 27-марттан 29-мартка чейин аза күтүү күнү жарыяланып, мамлекеттик желек ылдый түшүрүлдү.

27-мартта таң эрте Кемерового Россиянын президенти В. Путин баргандыгын россиялык ЖМК кабарлады. Кечээ, 26-мартта, кырсыкка байланыштуу Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков Россиянын президенти В. В. Путинге көңүл айтуу телеграммасын жиберген.

РИА Новости агенттиги билдиргендей,  акыркы маалыматтарга караганда, Кемероводогу “Зимняя вишня” соода-оюн-зоок борборундагы чыккан өрттөн каза болгондордун саны 64кө жетти, анын ичинде 9 бала.  Бүгүн Россия президенти Владимир Путин эртең менен Кемерового барып, күйүп кеткен соода борборунун жанына гүл коюп, өрттүн чоо-жайын жеринде кабар алды. Эл да агылып келип, гүл, оюнчук, шар коюп кетишүүдө.

Бул окуяга тиешеси бар адамдар кармалып, сурак беришүүдө. Өрт тууралуу сигналды алган күзөт кызматкери кабар берүү системасын эмнеге өчүрүп салгандыгы да териштириле баштады.

Өрттүн болжолдуу себептери электр зымынын оң эместиги, күйүүчү каражаттарды туура эмес пайдалануу, өрт коопсуздугунун сакталбагандыгы, эшиктер жана чыгуучу жердин баары тосулуп калгандыгы ж.б. көптөгөн кемчиликтер калкып чыгууда. Өрт башталган учурларда да бир катар кемчиликтерге жол берилген.

Россияда бардык соода-оюн-зоок борборлорунун өрт коопсуздугун текшерүү тапшырмасы берилди.

Мындай кырсыктын алдын-алуу максатында Кыргызстанда да тезинен өрт коопсуздугу чараларын текшерип, бардык жетекчилерге эскертүү жасоо зарыл. Болбосо, мындай кырсык каш-кабактын ортосунда эмеспи. Анын үстүнө бардык жерлерде кеңири жайылган синтетикалык товарлар өрткө кошул-ташыл, күйсө кара түтүн каптап күйөрү маалым.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты