Ошто бир айлык небересин сатууну көздөгөн аял кармалды

Ошто бир айлык небересин сатууну көздөгөн аял кармалдыИчки иштер министрлиги билдиргендей, Ош шаарында бир айга толо элек небересин сатууну көздөгөн аял кармалды.

22-мартта милиция кызматкерлери ал Ош облусунун 59 жаштагы тургуну экенин аныктаган. Ал ымыркайды сатыш үчүн Ош шаарында 20 миң сом акча алып жатканда кармалган.

Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 124-беренеси («Адам сатуу») менен кылмыш иши козголду. Небересин сатууну көздөгөн аял убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Иликтөө уланууда.

Милиция кызматкерлери ымыркайды социалдык адистерге өткөрүп бергени кабарланды.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты