Бүгүн — Театрдын эл аралык күнү  

Бүгүн - Театрдын эл аралык күнү   27-март — Театрдын эл аралык күнү. Кыргызстанда кандай белгиленет?

Театрдын эл аралык күнү Кыргызстанда Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Театр ишмерлер бирлиги менен “Айтыш” фондунун колдоосу астында 2014-жылы “Эргүү” сыйлыгынын уюшулгандыгынын беш жылдыгын майрамдоо менен коштолот. “Эргүү” сыйлыгына татыктуу болгондорго 600 миң сом сыйлык бөлүнгөн.

Театрдын эл аралык күнүнүн ачылыш аземи бүгүн «Ала-Тоо» аянтында саат 16. 30да башталат. Өлкөнүн бардык аймактарынан келген театр ишмерлеринин жүрүшү болот. Андан кийин иш-чара Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз мамлекеттик драма театрында уланат.

Майрамдык иш-чара, акысыз, катышуучуларга эшик ачык. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты