Babalu – энелердин колун узартуучу кызмат

 

Babalu – энелердин колун узартуучу кызматЗамандын өнүгүшү менен суроо-талапка жараша ар кандай кызмат көрсөтүүлөр пайда болуп келет. Биз кеп кыла турган кызмат бала карап үйдөн чыга албай калган энелердин колун узартуучу – Babalu — “Няня на час” кызматы. Бул кызматтын негиздөөчүсү, үч кыздын энеси Асель Исабекова менен маегибизди тартуулайбыз.

— Асель, адегенде Babalu деген сөздүн маанисин түшүндүрүп кетсең…

 — Babalu деген сөз Акан тилинен англисчеге “support»,  «take care of»  ал эми кыргызчага “колдоо”, “кам көрүү” деп которулат. Же болбосо «Baby I Love you!»  деген сөзгө Babalu деген сленг  деп түшүнсө болот.

— Мындай кызмат көрсөтүү идеясы кайдан пайда болду?

Babalu – энелердин колун узартуучу кызмат— Мен студент кезде АКШга бир нече жолу барып турдум, анткени, Concordia Language Villages балдар лагеринде топ жетекчи болуп иштеп, орус тилинен, комуздан сабак берчүмүн. Дем алыш күндөрү ал жакта жашаган эжемдикине келчүмүн. Ошондо эжем ушундай кызматтан пайдаланып турар эле. “Кантип эле балдарын тааныбаган адамга таштап кетет?” деп адегенде аябай таң калчумун. Бирок, ал нянялар балдар менен бир заматта тил табышып кетишчү, балдар дагы алар менен аябай көңүлдүү ойношчу. Эжем болсо бул учурда өзүнүн иштерин бүтүрүп алчу. Ар бир аял “супергерой” сыяктуу эле бир учурда бардык иштерге жетишет, бирок ага дагы эс алуу керек болот, же той-топурга, шеринелерге баруу керек болот. Мындай учурда аял баланы кимге таштаарын билбей, башы катат. Дал ушундай маалда няня керек экен. Ошондо Бишкекте дагы ушундай кызмат ачса болчудай экен деп ойлонуп койчумун. Ооба, ал кезде жөн гана ой бойдон эле кала берген. Бирок, кийинчерээк өзүм эне болгондон кийин балдарыңа жакшы кам көргөн няня кызматы керек экенин түшүндүм. Ал учурда биздин борбордо мындай кызматтар бар болчу, бирок мен алардын кызматтарын пайдаланып көрүп, кемчиликтери көп экенин көрдүм. Ошол учурда мурда пайда болгон идеям эске келип, сапаттуу сервис менен мындай кызматты ачса ийгиликтүү болоруна көзүм жетти. Маркетологдор менен дизайнерлерди чогултуп, бул долбоорду ишке ашырууга кириштик. Эң башкы тапшырма биз үчүн няняларды чогултуп, аларды окутуп даярдоо жана стандарттарды кабыл алуу болду.

— Сиздердин няняларыңыздар башкалардан эмнеси менен айырмаланат?

— Мен өзүмдүн балдарымдын жанында чачы жыйналган, колуна жакшы кам көрүлгөн нянянын болушун каалачумун. Өзүмдүн балдарымды кандай адамга ишенип таштай алсам – Babalu кызматынын нянялары дал ошондой болушуна аракет кылдым. Эң башкысы алар сылык, таза, тыкан, ашепке жасанбаган болушу шарт.

— Мисалы, мен сиздердин кызматыңыздардан пайдалангым келсе, кантип кайрылышым керек, канча убакыт мурда?

— 2-3 саат мурда кайрылсаңыз эле жетиштүү. Балаңызды мүнөздөгөн анкетаны толтуруп коесуз. Ал жакта негизги маалыматтар камтылышы керек, биз ошого жараша ылайыктуу няняны жиберебиз. Айрым учурларда няня керек деп шашылыш кайрылып калган учурлар болот, мындай учурларда нянялар жетишип барганга аракет кылабыз. Биздин дагы бир артыкчылыгыбыз мына ушул оперативдүүлүктө.

Babalu – энелердин колун узартуучу кызмат

— Сиздердин командаңыздарга кошулушу үчүн кандай талаптарга жооп бериши керек? Дегеле няняларды жумушка кантип кабыл аласыздар?

— Адегенде анкета толтуртабыз, андан өткөндөрдү психологдун жардамы менен маектешүүдөн өткөрөбүз. Бул этаптардан өткөн соң окутуп, даярдайбыз. Алган билимдерин практика жүзүндө канчалык өздөштүрө алгандыгын сыноо мөөнөтү учурунда көрсөтүшү керек. Ошентип башында 20 кыздан анкета алган болсок анын ичинен үчөө же төртөөсүн гана жумушка кабыл алабыз.

— Окутабыз деп калдыңыз, эмнени окутасыздар?

— Нянялар ишке киришерден мурда балдарга кандай кам көрүү керектигин окутабыз. Баланы чөргөө, жуунтуу, тамактандыруунун өзгөчөлүктөрү, биринчи жардам көрсөтүү жана башкаларды  адистер үйрөтүшөт.

Babalu – энелердин колун узартуучу кызмат— Балдарын башка бирөөгө таштап жаткан ар бир апа “Мен кеткенден кийин баламды кантип карайт болду экен?” деп сарсанаа болот болуш керек. Балдардын коопсуздугун кантип кепилдейсиздер?

— Ооба, бардык ата-эне ошентип чочулайт. Мындай учурду дагы биз алдын ала ойлонуп, ата-эне баласын таштап кеткенден кийин смартфону аркылуу көзөмөлдөп турууга мүмкүн кылдык. Ар бир няняда GPS сааты бар, алар няня бала менен кантип сүйлөшкөнүн баарын жазып жана бала кайсы жерде турганын көрсөтүп турат. Андан сырткары, онлайн камералар дагы бар. Аны алып барып орнотуп коет, ата-эне каалаган учурда өзүнүн смартфонунан кирип няня баласына кандай кам көрүп жатканын карап турса болот.

Babalu – энелердин колун узартуучу кызмат— Ошондо нянялар кардардын үйүнө барып карап берет экен да, өзүңөр атайын бир борбор ачууну пландаган жоксуңарбы?

— Ооба, нянялар ар бир кардардын өзүнүн үйүнө барып карап берет. Кааласа той-топурга барса, няняны дагы чогуу алып алышса болот. Өзүнчө борбор ачуу тууралуу дагы суроо-талаптар болгондугуна байланыштуу ойлонуп көргөнбүз, бирок педиатрлардын кеңешин угуп көрсөк бул балдардын ден-соолугу үчүн кооптуу экен. Анткени, ар бир бала ар түрдүү тамак жейт, же кимдир бирөөсүнөн башкасына оору жугуп калышы мүмкүн. Балдар бакчаларында болсо дайыма бир эле балдар чогуу болушат да, мындай борбордун өзгөчөлүгү күн сайын ар башка балдар келгендигинде. Ошондуктан, биз мындай борбор ачуунун кереги жок экен деген чечимге келдик.

Эми баарын кызыктырган бул кызматтын бааларына көңүл буралы:

Babalu – энелердин колун узартуучу кызмат

Babalu – энелердин колун узартуучу кызмат Babalu – энелердин колун узартуучу кызмат

Маектешкен Эльвира Какиева

Сүрөттөр Femme журналыныкы

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты