ӨКМ: Аба ырайы кескин төмөндөйт        

ӨКМ: Аба ырайы кескин төмөндөйт        2018-жылдын 26-мартынан 27-мартына чейин аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт, мезгил-мезгили менен жаан жаап, Чүй, Талас облустарынын тоо этектеринде жаан карга айланышы мүмкүн, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

27-мартта абанын температурасы төмөндөп, түнкүсүн Чүй, Талас өрөөндөрүндө 3…8°, күндүз 10…15° жылуу, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 5…10°, күндүз 13…18° жылуу, тоо этектеринде жана Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -2° сууктан …+3° жылуулукка чейин, күндүз 3…8° жылуу, тоолуу райондордо жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -2…-7° суук, күндүз 5…10° жылуу, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -16…21°, күндүз -3…-8° суук болушу күтүлөт.

 

Ошондой эле Бишкек-Ош унаа жолунда кар көчкү түшүү коркунучу болгондугуна байланыштуу, 2018-жылдын 23-мартынан 27-мартына чейин Чүй облусунун Жайыл районундагы «Сосновка» постунда, Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы «Арал» постунда жана Талас облусунун Талас районундагы Өтмөк ашуусунда саат 21:00дөн саат 06:00гө чейин, унаалардын бардык түрлөрү үчүн жол каттамын жабуу боюнча КРнын Жарандык коргонуунун мекемелер аралык комиссиясынын төрагасы Премьер-министрдин 2018-жылдын 23-мартында №13 буйругу чыккан.

2018-жылдын 25-мартында Бишкек-Ош унаа жолунун “Сосновка” постунда, “Арал” постунда жана Өтмөк ашуусунда саат 21:00дөн тартып унаалардын бардык түрүнө каттам убактылуу жабылган. 2018-жылдын 26-март күнү саат 06:00дө убактылуу жабылган посттор ачылган.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты