Башкы прокуратура: Аламүдүн, Жайыл райондорунун милиция кызматкерлери уурулардын 39 миң долларын уурдаса, Оштун милиция кызматкерлери 1 млн. 740 миң сомун уурдаган!

Башкы прокуратура: Аламүдүн, Жайыл райондорунун милиция кызматкерлери уурулардын 39 миң долларын уурдаса, Оштун милиция кызматкерлери  1 млн. 740 миң сомун уурдаган!

Башкы прокуратура Чүй облусунун Жайыл жана Аламүдүн райондорунун жана Ош шаарынын милиция кызматкерлери ыкчам-иликтөө иштерин жургүзүү учурларында кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, акча уурдап кармалган жарандардын ири суммадагы акчаларын жашырган  фактылары аныкталган.    

Алсак, 2018-жылдын 18-февралында Аламүдүн жана Жайыл райондорунун Ички ишкер башкармалыгынын криминалдык милиция кызматкерлери ири суммадагы акчаны уурдаган деп А. Н. аттуу жаранды кармаган. Андан кийин аны жана жакын туугандарын коркутуп, акча каткан жерин көрсөтүүнү талап кылган. Аламүдүн районунун ыкчам-иликтөө тобунун кызматкерлери келгенде айрым далил же тактап айтканда, 39 миң АКШ доллары табылбай калган.

Бул факты боюнча Баш прокуратура 304–берене (кызмат абалынан кыянат пайдалануу) жана 305-берене (кызмат полномочиесинен чыгуу) боюнча кылмыш ишин козгогон.

Милиция элди коргобой эле, кайра уурулардын акчасын кытып алган фактылар жогорудагы эле эмес экени өкүндүрөт. Баш прокуратура ошондой эле Ош шаарынын Ички иштер башкармалыгынын кызматкерлерин да жогорудагыдай эле кылмыш иши менен кармаган.

Алар Кара-Кулжа районунуда ири суммадагы акчаны уурдаган М.А. жана К.А. У. аттуу жарандардын үйүн тинтип, ири суммадагы акча табышкан. Бирок табылган 1 млн. 740 миң сомду алар протоколго киргизишкен эмес. Андан дагы айыпталгандардын биринин тааныш кызын милицияда мыйзамсыз кармап, алынган акчаны ал аанышы К. А. ны акча алынган жок деп макулдатсын деп кармап турушкан. К. А. алардын айтканын аткаргандан кийин гана бошотулган. Бул иш УКМКнын Иликтөө башкы башкармалыгына берилген.  Бул тууралуу Баш прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.

.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты