Беш жашар кызды зордуктаган зөөкүр 20 жылга эркинен ажыратылды
- 7 лет мурун
- Маек
Жалал-Абад шаарынын соту 5 жашар кызды зордуктаган зөөкүрдү күчөтүлгөн тартиптеги абакка 20 жылга кесүү боюнча өкүм чыгарды.
Ушул жылдын 20-мартында А. У. аттуу жаранга карата 5 жашар кызды зордуктаган деген айып менен соттун өкүмү чыкты. Бул тууралуу Баш прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
2017-жылдын 15-ноябрында Жалал-Абад шаарынын Ички иштер башкармалыгына шаардын тургуну кайрылып, А. У. аттуу жаран анын 5 жашар кызын уурдап чыгып, зордуктоонун амалын жасады деп маалымдаган.
Бул иш боюнча кылмыш иши козголуп, соттук-медициналык экспертиза жасалып, кичинекей кыздын зордукталганы тастыкталган. Тергөө иштеринин учурунда А. У. нын кылмышы толугу менен далилденген.
2018-жылдын 11-январында бул кылмыш иши Жадад-Абад прокуратурасы тарабынан сотко жөнөтүлгөн. Соттун жүрүшүндө А. У. Кылмыш кодексинин 4-статьясынын 129-беренеси (секелекти зордуктоо) 20 жылга күчөтүлгөн тартиптеги абакка камоо өкүмү чыкты. Бул тууралуу Баш прокуратуранын басма сөз кызматы билдирген.