Өкмөтбектин иниси Кеңешбек Алмакүчүков тарых музейинин директору болуп дайындалды  

Өкмөтбектин иниси Кеңешбек Алмакүчүков тарых музейинин директору болуп дайындалды  Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов  Кеңешбек Алмакүчүковду тарых музейинин директорлук кызматына дайындады.   Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.  

Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов Кеңешбек Алмакүчүковду Тарых музейинин директору кызматына дайындады жана жамаатка тааныштырды. Тарых музейинин мурдагы директору Анаркүл Исираилова илимий иштер боюнча орун басары болуп дайындалды.        

Белгилүү болгондой, тарых музейи жаңы түс алып, ондоп-түзөлүүдө жана жакында мамлекет башчынын жарлыгы менен “улуттук” деген макам алды.

Жаңы дайындалган директор Кеңешбек Алмакүчүков 54 жашта, экономика илимдеринин доктору, доцент. Кыргыз-түрк “Манас” университетинин аттестациялык комиссиясынын туризм боюнча төрагасы болчу деген маалыматты министрликтин басма сөз кызматы жарыя кылды.

Ал эми биздин маалыматыбыз боюнча, жаңы дайындалган министр Кеңешбек Алмакүчүков Туризм, спорт жана жаштар саясаты боюнча мамкомитеттин экс-төрагасы, ири бизнесмен Өкмөтбек Алмакүчүковдун бир тууган иниси болот.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты