Кемероводогу өрт: Балдар коштошуп телефон чалышкан (видео)

Кемероводогу өрт: Балдар коштошуп телефон чалышкан (видео)Россиянын Кемерово облусундагы “Зимняя вишня” соода-оюн зоок борборунда өрт ичинде калгандар жакындарына коштошкону телефон чалышкан.

Кечээ, 25-мартта, Россиянын Кемерово облусундагы “Зимняя вишня” соода-оюн зоок борборунда чыккан өрт акыркы 100 жылда боло электиги айтылууда.  Азыр өрттүн себеби такталууда. Акыркы маалыматтарда атайын жасалган деген божомолдор да жарыяланууда.

Өрт  ичинде калган мектеп окуучулары жакындарына коштошуп телефон чалышканын НТВ телеканалы билдирген. Өрт учурунда  37 адам каза болгон. 64 адам дайынсыз болууда. Бардыгы болуп анда 84 адам жабыркады деп айтылууда.

НТВ телеканалы “Комсомольская правда” гезити бир аял анын жээни телефон чалганын жазганын билдирди.

“Өрттөн кийин эле саат 16. 11де менин жээним Вика телефон чалды. Ал жакта баары күйүп жатканын, эшиктер бек турганын айтты. Мен ага “кийимиңди чечип, оозу-мурдуңду жаап алып, кийимиңди жыттап дем алып тур” дедим. Ал “Апама айтып койчу, мен аны жакшы көрөм. Баарына мен аларды жакшы көрөрүмдү айтып  койчу” деп айтты. Андан кийин гудок кетип эле, трубканы эч ким албай калды” деген ал.

12 жашар окуучу балдар Кемерово облусунун Трещевский поселогунан класс жетекчиси жана эки ата-эненин коштоосунда келгендер балдар  үчүн кинону көрбөй эле, соода борборуна кирип кетишкен. Ошондуктан алар күйүп жаткан имараттан чыгып кетүүгө үлгүрүшкөн.

Кемероводогу өрттөн балдары дайынсыз жоголгондордун ата-энелери бийлик эч нерсе кылбай жатат жеп айыпташкан.

“Өрт чыгып жаткан имараттан кээ бири секирип жатты. Сенин көз алдыңда секирип жатышты! Секирип, мерт  кетишти. Аларга тепкич алып келип куткарууга шашылышкан жок!» деп айтып жатышты.

Өрт боюнча 3 адам кармалды, анын ичинде соода борборунун директору Надежда Судденок,  ага кылмыш иши козголду.

Кемерово облусунун Топкин районунун Трещевский поселогунан келген балдар дайынсыз болууда.   Алар №1 мектептин 5-“а” классынын окуучулары.

Каза болгон балдар расмий түрдө 37 деп айтылууда. Бирок алар андан да көп болушу ыктымал.

Өрттөн качып чыккандар социалдык түйүндөргө өрт ичинде калган учурларын жазып жатышат.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты