Баш прокуратурага бөлүнгөн 250 миллион сомдун чуусу

Баш прокуратурага бөлүнгөн 250 миллион сомдун чуусу

Өкмөт Баш прокуратурага бюджетте каралган каражаттан тышкары колу ачыктык кылып 250 миллион сомду бөлүп кармата бергени боюнча ММКлардагы жана соцтармактардагы чуулгандын куйругу дагы эле болсо үзүлбөй келет.

Өкмөттүн Аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү «Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө» мыйзамынын 63-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, прокуратура органдарына мамлекетке келтирилген зыяндын суммасынын жана прокурордун доо арызы боюнча соттун чечими менен кайтарылган акча каражаттарынын 30 % алуу укугу берилери шардана кылынган Бул тууралуу өткөндө белгилеген элек. Мындан тышкары КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-сентябрындагы №415-б буйругуна ылайык, 250 млн. сом өлчөмүндөгү сумма КР Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитети менен макулдашылган жана Баш прокуратурага иш жүзүндө 47,1 млн. сом бөлүнгөн делинген маалымат таратылганы айтылган болчу. Асыресе, өкмөттүн  ошондогу пресс-кызматынын келтирген жүйөөлөрүнө коомдук пикир чыпчаӊ ынанып кетти деп айтуу кыйын.

Анын өзүнчө олуттуу себеби бар. Кезегинде ал себеп бөлүнгөн каражаттардын кандай максаттарга сарпталары менен байланышат. Өкмөттүн маалымат кызматынын пресс-релизиндеги билдирүү боюнча: «каражат прокуратура кызматкерлеринин социалдык көйгөйлөрүн чечүү үчүн, тактап айтканда, административдик имараттарды жана прокуратура органдарынын аймактык түзүмдөрүнүн кызматтык турак-жайларын куруу жана оңдоо, форма тигүү, ошондой эле компьютердик техника алууга багытталган». Баам салып карап көрүп бөлүнгөн каражат Баш прокуратуранын кызматкерлеринин социалдык маселелерин чечүүгө тиешеси аз, ачык айтканда тиешеси дегеле жок экенине көзүӊ жетпей койбойт. «Административдик имараттарды жана прокуратура органдарынын аймактык түзүмдөрүнүн кызматтык турак-жайларын куруу жана оңдоо», «форма тигүү», «компьютердик техника сатып алуу» канткен күндө да кызматкерлердин социалдык маселелерине эмес, Баш прокуратуранын жумушчу орундарын жакшыртуу жана  модернизациялоого жумшалмакчы. Демек, каражат административдик-уюштуруучулук же административдик-чарбачылык максаттарга сарпталары ачык. Ошентип, өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү элдин башын маӊ кылып чаташтырып, көзүнө чаӊ чачып жатканы байкалбай койбостур.

       Үсөн Касыбеков

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты