Калыс Жоомартов, жаш ырчы: “Жан дүйнөм чыгармачылыкка жетелеп туруп алды”

 

Калыс Жоомартов, жаш ырчы: “Жан дүйнөм чыгармачылыкка жетелеп туруп алды”Жаңыдан элге таанылып келе жаткан жаш ырчылардын бири—Калыс Жоомартов ырчылыкка жетелеген жолу, максаты тууралуу азыноолак маек курду.  

—Калыс,  өзүңүздү тааныштыра кетсеңиз?

—Өзүм Нарын шаарында төрөлгөнүм менен, Жумгалда, Жаңы-Арык айылында  чоңойдум. Балалыгым көбүнчө жайлоодо, таза абада өттү. Чоң суу бойлоп, балык кармап, кой кайтарып, жылкы айдап, ышкын терген таттуу балалыгымды  эстесем, ал жакка баргым келип кетет.

—Чыгармачылык жолду тандоого эмне түрткү болду?

-Алты бир тууганбыз, бирок үй-бүлөбүздө чыгармачылыкка жакын адам жок. Мен эмнегедир ырдаганды кичинемден эле жакшы көрөм. Ошондуктан мектепти аяктаган соң жогорку окуу жайына тапшырган жокмун, жан дүйнөм чыгармачылыкка жетелеп туруп алды. Анан ыр жаздырып, клип тартууга кириштим. Келечекте музыкалык жогорку билим алсам деген максатым бар.

—Азыр ырчы болуу үчүн каражат, колдогон адамдар болушу керек да. Сахнага кадам ташташыңа кимдер колдоо көрсөтүп жатат?

— Ата-энем, бир туугандарым колдоп,  колунан келишинче көмөк көрсөтүшүүдө. “Сен ырда, биз колдойбуз, кандай жардам керек болсо уялбай  айт” деп турат агаларым.

—Эргүүңдү ойготуп, чыгармачылыгыңа дем берген ырчылар кимдер?

—Түгөлбай  Казаков, Асылбек Өзүбеков, Мухтар Атаналиев, Сыймык Бейшекеев ж.б.  ырлары менен  чоңойдум. Алардын ырларынан эргүү алам. Ошондуктан Мухтар Атаналиевдин  “Жеңелер” аттуу  ырын жаңылап ырдап чыктым. Автор өзү ырдаганымды  жактырып, батасын берди.

— Ырчылыктан башка эмнелерге кызыгасың?

—“Жигитке жетимиш өнөр  аздык кылат” демекчи, көп нерсе үйрөнүүгө тырышам. Ырчылыктан тышкары бийге кызыгам. Кээде колума калем кармап, ыр жаза коймой адатым бар. Бош убакта ат минип алып табият койнунда эс алганды жактырам.

—Эгер жашыруун болбосо, алдыга койгон максаттарынды айта кетсең?

— Жакында эле туулган айылыма жеке концертимди тартуулап келдим. Буюрса алдыда жаңы ыр жаздырып, клип тарттырып, чыгармачылыкка олуттуу киришкени жатам. Жакында жаңы ырларыма күбө болосуздар. Азыркы тапта “Атыңды айтып кой” деген ырыма клип тартып бүтүп, элге сунуштадык. Дагы жаңы клиптин үстүндө иштеп жатабыз.

Туулган жылы: 1997-жыл, 22-август

Туулган жери: Нарын шаары

Хоббиси: ыр жазуу, ырдоо, китеп окуу

Репертуарындагы ырлары: “Жеңелер”, “Карындаш”, “Атыңды айтып кой”, “Айылдаш кыз”, “Кызыл жолукчан” ж.б.

Маектешкен Эльвира Какиева

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты