Фарид Ниязов кепке кемтик, сөзгө сөлтүк болгондо

Фарид Ниязов кепке кемтик, сөзгө сөлтүк болгондо

Адегенде парламенттеги соцдемократтар фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков Кытай Компартиясынын КСДПга берген $ 1 млн. грант түрүндөгү жардамы жөнүндө «балп» эттирип таштаган болчу. КСДПнын мыкчыгерлеринин бири Ф.Ниязов болсо каражат ЖКнын балансында турат деп бултаӊдатып тил эмизип кирди эле, көп узаган жок, парламенттин пресс-кызматы анын айтканын толук төгүндөгөн маалымат таратып жиберди. Ошо замат эксперттер менен журналисттер чөйрөсү соцдемократтардын мыкчыгерлеринин бири Ф. Ниязовдун сөзү эки ача чыгып, алапайын таппай шашкалактап калганын белгилеп чуу түшүп эле жатып калышпадыбы.

Кыргызстандын «Саясий партиялар жөнүндөгү» мыйзамына өлкөдөгү саясий партиялардын чет мамлекеттердеги партиялар тарабынан каржыланышына жол берилбейт деп айтылат (Мыйзамдын 16-статьясында: «Партиялардын ишмердүүлүгүн чет өлкөлүк мамлекеттер, чет элдик партиялар, ошондой эле юридикалык жана жеке адамдар тарабынан финансылоого тыюу салынат» деп ташка тамга баскандай жазылып турат). Неси болсо да өлкө тышкы карызга белчесинен баткан (2018-жылдын 31-январынан алып карганда Кыргызстандын мамлекеттик насыясы $4 миллиард 624,81 миллионго, анын ичинен Китайдын Экспорттук-импорттук банкына $1 миллиард 635,08 миллионго чаап чыгып кетти)  түрпөйүнөн алып караганда сыртынан «кичинекей» болгонсуган бул окуя келечекте КСДПнын беделине кыйла катуу сокку уруп, жаманатты кылууга жем таштап коюшун жокко чыгаруу кыйын.

Үсөн Касыбеков

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты