Башкы прокуратурага 250 млн сом бөлүнүшү тууралуу Өкмөт түшүндүрмө берди

Башкы прокуратурага 250 млн сом бөлүнүшү тууралуу Өкмөт түшүндүрмө бердиКР Өкмөтүнүн Аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү бир катар маалымат агенттиктериндеги Өкмөт тарабынан Башкы прокуратурага 250 млн сом бөлүнүшү тууралуу билдирүүлөргө байланыштуу төмөнкүлөрдү маалымдайт.

Башкы прокуратура тарабынан 2017-жылы «Альфа-Телеком» ЖАК жана «Brasfortlimited» компаниясы ортосунда түзүлгөн насыялык келишим боюнча мыйзам бузуу аныкталган жана жыйынтыгында 5 млрд 416 млн сом өлчөмүндөгү мамлекетке келтирилген зыяндын орду толтурулган.
«Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө» мыйзамынын 63-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, прокуратура органдарына мамлекетке келтирилген зыяндын суммасынын жана прокурордун доо арызы боюнча соттун чечими менен кайтарылган акча каражаттарынын 30 % алуу укугу берилет.
Бишкек шаардык райондор аралык соту 2017-жылдын 4-майындагы чечими менен келтирилген зыяндын 1 млрд 624 млн сом суммасын (30%) прокуратура органдарына төлөп берүү токтомун чыгарган.
КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-сентябрындагы №415-б буйругуна ылайык, 250 млн сом өлчөмүндөгү сумма КР Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитети менен макулдашылган.
Буга катар, Башкы прокуратурага иш жүзүндө 47,1 млн сом бөлүнгөн, бул тууралуу “Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзамына белгиленген тартипте тийиштүү өзгөртүүлөр киргизилген.
Аталган каражат прокуратура кызматкерлеринин социалдык көйгөйлөрүн чечүү үчүн, тактап айтканда, административдик имараттарды жана прокуратура органдарынын аймактык түзүмдөрүнүн кызматтык турак-жайларын куруу жана оңдоо, форма тигүү, ошондой эле компьютердик техника алууга багытталган, -деп билдирет Өкмөттүн маалымат кызматы.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты