Бүгүн Санкт-Петербургда И. Раззаковду эскеришет 

Бүгүн Санкт-Петербургда И. Раззаковду эскеришет 

Бүгүн Санкт-Петербург шаарындагы Таврида сарайында көрүнүктүү мамлекеттик жана партиялык ишмер, Кыргызстан Компартиясынын Борбордук комитетинин биринчи катчысы (1950-1961-ж.ж.) Исхак Раззаковдун ишмердүүлүгүнө арналган эл аралык илимий конференция болот. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети билдирди.
Илимий эл аралык конференцияга КР Жогорку Кеңешинин депутаттары, Өкмөттүн, КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын, эл аралык илимий интеллигенция, кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү, ошондой эле коомдук ишмерлер, студенттер катышат.
Иш-чара Жогорку Кеңештин демилгеси менен КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын жана И.Раззаков атындагы коомдук фонддун көмөгү астында өткөрүлүүдө.
Конференция КМШ өлкөлөрүнүн элдерине өзгөчө татаал жана оор жылдарда (1950-1961-ж.ж.) республиканын башында туруп, анын өнүктүрүүгө чоң салым кошкон И. Раззаковдун өмүр жолу менен ишмердүүлүгү тууралуу кенен маалымат берүү максатын көздөйт.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты