Ташкенттин поезди бүгүн кечинде келет

Ташкенттин поезди бүгүн кечинде келетБүгүн, 23-мартта, саат 19:00дө Ташкент-Балыкчы-Ташкент каттамы боюнча биринчи жүргүнчүлөр поезди Бишкек станциясына келет.  
Бүгүн кечки саат жетиде Ташкенттин поезди Бишкекке келет. Эми өзбекстандыктар Балыкчыга, Ысык-Көлгө эс алып кетишсе болот.
2015-2016-жылдардын жай айларында Ташкент-Бишкек-Балыкчы темир жол каттамын кайра ачуу боюнча эки өлкө келишимге келишкен. Бирок 2017 ал поезд каттамы токтоп калган.
Быйылкы жылы Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев келишимге келип, поезд каттамы кайрадан каттай баштамак болгон.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты