Түркияда кыргыз кызды өлтүргөн киши камакта

Түркияда кыргыз кызды өлтүргөн киши камакта

КР Тышкы иштер министрлигинин  басма сөз кызматы,  22-мартта кыргызстандык кыздын Түркиядагы өлүмүнө байланышкан бардык материалдарды берүүнү түркиялык тараптан өтүнүп жатканын, кыздын өлүмүнө катыштыгы бар деп шектелген  киши камалганын жарыя кылды.

Түркиянын Haberler.com агенттиги 26  жаштагы кыргызстандык кыз жан берген жердин видеосун жарыяласа, башка түрк басылмалары Ырыскүл Жээнбек кызын муунтуп, андан кийин машина менен тебелетип, мыкаачылык менен өлтүрүлгөнү тууралуу маалыматтарды жазып чыгышты.

Кыргызстандык кыздын өлүмү боюнча шектүү Барыш Юнал кармалган. Ал Каршыяк районундагы  эт саткан жерде иштейт. Өзү кызды кокусунан тебелетип кеткенин жандармерияга айткан.

Буга чейин “Кактус медиа” басылмасы ал кызды муунтуп өлтүрүшкөнүн окурман кабарлаганын билдирген.  Мындай маалымат  түрк басылмаларында жазылган.

КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы  19-мартта Денизли провинциясынын Памуккале—Аккей жолунда Кыргызстандын жараны Ж. кызы Ы. нын сөөгү табылганын кабарлаган. Деңизлинин прокуратурасынын маалыматы боюнча анын боору жана өпкөсү катуу бир нерсе тийгенден улам жараланганын кабарлаган.

Памуккале жандармериясынын башкармалыгы ал жарандын сөөгү университеттин моргунда экендигин айтышкан. Ошондой эле алар кыргыз кызы машина коюп кетип каза болгондугун билдиришкен.

ТИМ кыздын өлүмүнө тиешелүү бардык материалдарды талап кыдып, сөөгүн Кыргызстанга жеткирүү чараларын көрүүдө.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты