Каныбек Осмоналиевди камап коюшу мүмкүн

Каныбек Осмоналиевди камап коюшу мүмкүнЭкс-депутат Каныбек Осмоналиевге 2014-жылы козголуп, бирок далили жогунан жабылган кылмыш иши кайра козголуп, аны камап коюшу мүмкүн экенин айтууда. Улуттук Коопсуздук кызматынын Коррупцияга каршы кызматы аны суракка алып, сыртка чыкпай тургандыгы кепилденген тилкат бергенин билдирет.

Каныбек Осмоналиев Улуттук Коопсуздук кызматынын Коррупцияга каршы кызматына сурак бергени барганда, 2014-жылы ага кылмыш иши козголуп, бирок далили жогунан жабылган кылмыш ишти кайрадан козгоп жатышканы белгилүү болгон. Сурактан кийин аны сыртка чыкпоо шарты менен кое беришкен.
ЖК экс депутаты К.Осмоналиев мурдагы да, азыркы да, бийликтин кемчиликтерин ачык айтып келет. Учурдагы суракты да ал Коррупцияга кыршы кызматтын ишин сындап келгендиги менен байланыштырат.
2014-жылы УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы Кыргыз-Орус Славян университетинин медициналык факультетине 27 студенттин мыйзамсыз кабыл алынышы боюнча кылмыш ишин козгогон. Абитуриенттер Жогорку Кеңештин ошол учурдагы Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинин төрагасы Каныбек Осмоналиевдин университетттин жетекчилигине жазган катынын негизинде мыйзамсыз кабыл алынганын билдирген.
Экс-депутат өзүнүн күнөөсү жок болгондугуна байланыштуу ал кылмыш иши 2015-жылдын 8-октябрында жабылганын билдирет.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты