Ташкенттен поезд келатат

Ташкенттен поезд келататТашкент-Балыкчы-Ташкент багытындагы поезд бүгүн, 22-мартта, Ташкенттен чыгып каттай баштайт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасынын басма сөз кызматы мурда кабарлаган эле.
Ташкент-Балыкчы-Ташкент поезди жумасына бир жолу жүрүп, бейшембиде Ташкенттен чыгып, ишембиде Балыкчыдан кайра артка кайтат. Каттамды «Өзбек темир жолу» ишканасы жүргүзөт.
2016-жылы жай мезгилинде да Ташкенттен Ысык-Көлгө поезд каттамы тууралуу сүйлөшүү болуп, бирок ал бир эле жолу жүргөн бойдон токтоп калган. 2017-жылы да сүйлөшүүлөр болуп, ал да ишке ашкан эмес.
Белгилей кетсек, поезд каттамын ачуу боюнча сунушту кыргыз тарап киргизген.
Ушул тапта Өзбекстандан Ош жана Жалал-Абадга поезд жүргүзүү маселеси да каралып жатат.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты