Бишкекте дипломатиялык кайрымдуулук жарманкеси өтүп жатат

Бишкекте дипломатиялык кайрымдуулук жарманкеси өтүп жататНооруз күнүнө карата ачылган дипломатиялык кайрымдуулук жарманкесине бардыңызбы? Бара элек болсоңуз, анда жөнөңүз!
Тышкы иштер министрлиги Бишкек мэриясы менен бирдикте дипломатиялык кайрымдуулук жарманкесин өткөрүп жатат. Жарманке эртең менен саат 10:00до Курманжан датканын эстелигинин жанында ачылып, саат 16: 00 чейин уланат. Жарманкеге 20дан ашык өлкөнүн элчиликтери менен өкүлчүлүктөрү катышууда. Алар улуттук тамак-аш, ар кандай буюмдар, колго жасалган буюм, дизайнердик иштерди көрсөтүп, сатыкка чыгарышты. Дипломатиялык кайрымдуулук жарманкесинин максаты— элди дүйнөнүн башка элдеринин салттары менен жакындан тааныштыруу, өз ара жакындашуу жана мындан ары кызматташууну жылуу маанайда улантуу. Иш-чарадан түшкөн каражаттар Кыргызстандын социалдык мекемелерине бөлүштүрүлүп берилет.
Иш-чаранын ачылышына КР Өкмөт башчысы Сапар Ирсаков, Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев, шаардын мэри Албек Ибраимов жана Кыргызстандагы чет өлкөлүк элчиликтер менен өкүлчүлүктөрдүн өкүлдөрү, шаардыктар катышты.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты