Нооруз кут келди! Алас-алас! Ар балээден калас!

Нооруз кут келди! Алас-алас! Ар балээден калас!Бүгүн, 21-март—Нооруз майрамы! Күн менен түндүн жазгы теңелген күнү теребел уйкудан ойгонуп, жаздын деми, жаздын жели согуп турган куттуу күн. Жаңы күн, жаңы жыл.
Тээ илгертен Нооруз болор алдында айлана-тегеректи тазалап, жаңылантып, адамдар өздөрү да бир сергип, тазарып алчу тура. “Алас, алас, ар балээден калас!” деп арча тутантып, үйүн ар кандай оору-сыркоо, жаман нерседен аласташчу. Үйлөрүн, айлана-чөйрөсүн гана тазалабастан, ички дүйнөсүн да тазартып, аруулантып, келечекке үмүт байлашкан. Үйүндө сүмөлөк кайнатып, токчулуктун жөрөлгөсүн жасашчу.
Совет мезгилинде Нооруз майрам катары саналбай, көпчүлүккө белгисиз болуп калганы менен, эгемендүүлүк алгандан бери жергебизде Нооруз кайрадан жаңырып, жанданып, маани-маңызына чыгып, жалпы элдик салтанатка айланды.
Нооруздун жол-жобосу, сүмөлөгү, аруу-ниет, тилеги азыр жергебиздеги ар бир адамга белгилүү болуп калды. Элибиз “Жакшы тилек—жарым ырыс” дегендей, Ноорузда аруу тилек кылып, илгери ой-максаттарды алдыга коёлу.
Алас-алас! Ар балээден калас! Бар болуңуздар, окурмандар!

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты