Жаз деми: Жеңишкүл Өзүбекова менен Элмира Ажыканованын ыр майрамы

Жаз деми: Жеңишкүл Өзүбекова менен Элмира Ажыканованын ыр майрамы

Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Улуттук филармония менен бирге 16-мартта кезектеги поэзия кечесин өткөрдү. Бул жолу таанымал акын-жазуучулар Жеңишкүл Өзүбекова менен Элмира Ажыканованын “Жаз деми” аттуу поэзия кечесин өткөрдү.

Жаз деми: Жеңишкүл Өзүбекова менен Элмира Ажыканованын ыр майрамы Жаз деми: Жеңишкүл Өзүбекова менен Элмира Ажыканованын ыр майрамы Жаз деми: Жеңишкүл Өзүбекова менен Элмира Ажыканованын ыр майрамы Жаз деми: Жеңишкүл Өзүбекова менен Элмира Ажыканованын ыр майрамы Жаз деми: Жеңишкүл Өзүбекова менен Элмира Ажыканованын ыр майрамы

Кечеге поэзияны сүйгөн жана урматтаган Роза Отунбаева, Рамис Рыскулов, Калбүбү Сариева, Тынчтыкбек Нурманбетов ж.б. акын-жазуучулар, студенттер, жаштар, карылар, дегеле поэзия күйөрмандары катышты.

Акын кыздар жан дүйнөсүнөн сызылып чыккан, бирде мукам, бирде шаңдуу, бирде терең ойго салган ырларын кезек менен да, өз-өзүнчө чыгып да окуп жатышты. Филармониянын кичи залында орун калбай, кээ бири туруп уккан көрүүчүлөр тымтырс болуп, алардын ырын тыңшап, кубаттап олтурушту. Менин жанымда олтурган белгилүү акын Калбүбү Сариева ойлуу, бирде кубаттап, бирде тамшанып акын кыздардын ырын бөтөнчө маанай менен укканына күбө болдум.

Жеңишкүл Өзүбекова Ысык-Көлдүн Тору-Айгыр айылында төрт бир туугандын арасындагы эрке кыз болуп чоңойгон экен. Эркек бир туугандарынын арасында чоңоюп, балким алардай мүнөз күткөндүр. Анын алгачкы ыры 1986-жылы жарыкка чыккан. “Сыңар сөйкө”, “Апам жана Ысык-Көл”, “Алтымышым” сыяктуу ырлары жеңил ыргагы, лирикалуулугу менен өзгөчөлөндү.

Ал эми Элмира Ажыканова 1993-жылдан бери Кыргыз радиосунда эмгектенип келет. Анын радио берүүлөрү жогору деңгээли менен айырмаланат. Таластын Кум-Арык айылында туулган. Поэзия кечесин биринчи жолу өткөрүп жатат. Элмиранын “Сен деңизсиң”, “Чыт көйнөк”, “Классташыма”, “Жан маанай” аттуу ырлары көркөмдүгү, терең мааниси менен угуучулардын маанайын көтөрдү.

Кечеде обончу, ырчы Асылбек Өзүбеков эжеси Жеңишкүлдүн сөзүнө жазылган “Көл жана апам”, “Күкүк”, “Кечирип кой” аттуу ырларын тартуулады.

Бул кечени да, адаттагыдай эле, акын Мирлан Самыйкожо алып барды.
Жаздын жаркын күнү, Нооруз алдындагы ыр кечеде көпчүлүк угарман эргип, жан дүйнөсү тазарып, эс алып кайтты деп ойлойм.

Айжан Айтышева
Фото: “Роза Отунбаеванын демилгеси фонду”

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты