Нооруз Бишкекте кандай белгиленет?

Нооруз Бишкекте кандай белгиленет?Эртең, 21-мартта — күн менен түндүн жазгы теңелген күнү, Нооруз майрамы.
Бишкекте бул күн кандай белгиленет?

Бишкекте саат 11ден 14кө чейин «Ала- Тоо» аянтында Ноорузга арналган иш-чаралар, концерт өтөт.
Маданият, маалымат жана туризм министрлиги колго жасалган буюмдардын көргөзмөсүн өткөрөт. Ошол эле жерде Кыргызстан элдеринин концерттик программасы болот.

Ал эми Тышкы иштер министрлиги Курманжан датка эстелигинин жанында Кыргызстандагы чет элдик элчиликтер менен өкүлчүлүктөрдүн кол өнөрчүлүк товарларынын дипломатиялык кайрымдуулук көргөзмөсүн уюштурат.
Жеңиш аянтында эртең мененки саат 10 дон баштап концерттик программа, гүлдөрдүн жана кыргыз балынын, кийим-кече көргөзмөсү болот.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты