Шумдугуң кур! “Аллахтын көз жашы” аталган баңгизатты эл аралык баңги тобу ташыган

Шумдугуң кур! “Аллахтын көз жашы” аталган баңгизатты эл аралык баңги тобу ташыганКР ИИМинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы тарабынан Ооганстандан Тажик Республикасы, Кыргыз Республикасы, Канада жарандарынан түзүлгөн эл аралык баңги тобунун кылмыштуу ишмердүүлүгүнө каршы атайын операциясы ийгиликтүү аяктады. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы маалымат таратты.
Аталган эл аралык топ баңгинин оор түрү— “Аллахтын көз жашы” аталышындагы героин суюктугун ташуу боюнча жолдорду негиздешкен.
Баңгизат оор жүк ташыган машина менен “Ооганстан- Желалабад -Тажикстандын Худжанд шаары-Бишкек шаары” пландалган жолдору аркылуу накта шире деп келген. Аны Кыргызстандан чыккан накта бал деп, желим тюбиктерге куюшуп, аба жолу аркылуу Канаданын Торонто шаарына жеткиришмек болгон. 2018-жылдын 12-мартында КР ИИМинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы кызматынын кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, натыйжада Бишкек шаарынан Ооганстан, Кыргызстан жарандары кармалган.
Кармалгандардын батирин текшерүү учурунда шире түрүндөгү, уксус кошулмасындай жыты бар, кочкул-күрөң түстөгү коюу суюктук куюлган, 8 даана “Juicy” жазуусу бар эки литрлик бөтөлкөлөр табылган
Андан сырткары, батирден аарынын жана ромашка гүлүнүн сүрөтү бар “Кыргызстан балы” деген жазуусу менен күрөң түстөгү бош желим бөтөлкөлөр, сүрөттөрдү чаптоого арналган үтүг табылган. Алынган баңгизаттын жалпы салмагы 17 килограмм 695 граммды түзгөн. Жогорудагы факты боюнча Бишкек шаарынын Октябрь РИИБ Тергөө кызматы тарабынан 247-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пунктуна ылайык кылмыш иши козголгон. Кыргыз Республикасынын ИИМдин Криминалисттик борборунун жыйынтыгы менен алынган зат “героин” баңгизаты болуп чыккан. Азыркы учурда кылмыш ишине тиешеси бар башка жарандардын тек-жайын тактоо иштери жүрүп жатат. “Аллахтын көз жашы” аталышындагы баңги суюктугун тамак-аш аты менен сатуу планын бир нече жыл мурда баңгизаттар менен алектенген оогандыктар иштеп чыгышканы белгилүү. Анын биринчи партиясы 2008-жылы Ооганстандан табылган жана алынган.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты