“Кыргыз туусу”  гезитинин мурдагы баш редактору каза болду

“Кыргыз туусу”  гезитинин мурдагы баш редактору каза болдуКөрүнүктүү мамлекеттик ишмер, журналист жана акын Жаныбек Турсунов узак оорудан кийин дүйнө салды. Бул тууралуу Өкмөттүн ЖМК менен иштөө бөлүмү кабарлады.  

Жаныбек Турсунов 1933-жылы Нарындын Ат-Башы районундагы Ак-Талаа айылында туулган. 1952-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетин аяктап,  эмгек жолун мугалим катары баштап, кийин мектептин директору, Тянь-Шань обком комсомолунун биринчи катчысы болуп дайындалган.  29 жашында Кочкор райкомунун биринчи катчысы болуп иштеген. Компартиянын Борбордук  комитетинин бөлүм башчысы болгон.

Жаныбек Жумалиевич Турсунов 1972-1986-жылдары “Советтик Кыргызстан” (азыркы “Кыргыз Туусу”) гезитинин башкы редактору, Журналисттер бирлигинин төрагасы болгон. Кыргыздын бир катар журналисттеринин насаатчысы жана устаты болгондугу маалым.

1963-жылдан 1993-жылга чейин алты жолу Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты болуп шайланган.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты