Конкурс:  “Чыңгыз Ордо”  долбоору үчүн 350 миң сом байге!   

Конкурс:  “Чыңгыз Ордо”  долбоору үчүн 350 миң сом байге!   КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Айтматов жарык дүйнөгө келген Таластын Шекер айлындагы “Чыңгыз Ордо” тарыхый-маданий мемориалдык комплексинин мыкты долбооруна конкурс жарыяланды. Конкурс ушул жылдын 20-мартынан 20-апрелине чейин созулат.

Шекер айлында “Чыңгыз Ордо” комплексинин мыкты долбоорун тандап алуу максатында мыкты долбоорлорго конкурс жарыяланды.

Шекер айыл аймагынан “Чыңгыз Ордону” куруу үчүн 15 гектар жер бөлүнүп берилген.

Конкурска архитектура, шаар курулушу, шаар келбети же ландшафт архитектурасы боюнча алектенген бардык каалоочулар катыша алышат.

Конкурс 2018-жылдын 20-мартынан 20-апрелге чейин созулат. Мыкты  долбоорго жалпысынан 350 миң сом байге каралган.

Биринчи сыйлык-150, 000 сом;

Экинчи сыйдык- 100, 000;

Үчүнчү сыйлык – 50, 000 сом.

Кызыктыруучу эки сыйлык, ар бири 25, 000 сомдон.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты