Башкы прокуратура: Аткаминерлер алтын, күмүш, жез кенинен мамлекетке 338 млн сом зыян келтирген

Башкы прокуратура: Аткаминерлер алтын, күмүш, жез кенинен мамлекетке 338 млн сом зыян келтирген

Бүгүн, 20-мартта, КР Башкы прокуратурасы Өнөр жай, энергетика жана кен байлыктар боюнча мамлекеттик комитетинин аткаминерлери “К. Ч.“ акционердик коому менен бирге мамлекетке 338 млн сом зыян келтиргенин аныктагандыгын Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы жарыя кылды. 

Башкы прокуратура Өнөр жай, энергетика жана кен байлыктар боюнча мамлекеттик комитетинин аткаминерлери “К. Ч.“ акционердик коому менен бирге мамлекетке 338 млн сом зыян келтиргенин аныктады. Аталган мамкомитеттин аткаминерлери 2003-жылдан 2016-жылга чейин  “К. Ч. “ жабык акционерлик коому менен мыйзамсыз лицензиялык келишим түзүп келген же тактап айтканда келишимдер узартыла берген. Аларга бир гана талап—техникалык-экономикалык негиздеме жана совет мезгилинде чалгындалган “Куру Терек” алтын, күмүш, жез кен байлыгы бар жерден кен алуу долбоорун түзүү болгон.

Ал эми мыйзамга ылайык, “К. Ч.” коомуна га берилген лицензияны алып салуу керек болчу, анткени алар белгиленген мөөнөттө техникалык-экономикалык негиздемени  жана аны кантип иштетээр долбоорун берген эмес.   Андагы тартип боюнча ал кен конкурска коюлуп, инвесторлор тартылмак.

Андан тышкары “К.Ч.” жабык акционерлик коому (ЖАК) Жалал-Абад облусундагы  “Чакмак Суу” дайра боюнан өз алдынча кум-шагыл, чопо менен кум аралаш жерди өз алдынча казып ала баштагандыгы аныкталган. Анын натыйжасында мамлекетке  169 млн. 699 миң сом зыян келтирилген. Дагы дамба жана башка объекттерди салуудан 58,65 кг алтын запасы зыянга учураган. Мындан мамлекет 168 млн. сом зыян тарткан.

“К.Ч.” жабык акционердик коому курулуш баштаганын билип туруп, башка бир “А. Б.” акционердик коомуна “Чакмак Сууну” пайдалануу лицензиясын берген. Ал лицензия алгандар алтын бар жерди чалгындамак.  Ал эми “К. Ч.” коому  “Чакмак Суунун” тегерегин тосуп алып, “А.Б” акционердик коомунун чалгындоо иштерине тоскоол келтирген.

Анын натыйжасында Өнөр жай, энергетика жана кен байлыктар комитети менен “К. Ч.” жабык акционердик коому биригип, мамлекетке 338 млн. 506 миң сом зыян келтирген, ал эми алардын аракетинен «А.Б.» акционердик коому  5 млн. 347 миң. сом чыгымга учураган.

Аталган фактылар боюнча Башкы прокуратура Кылмыш кодексинин 304 (кызмат абалынан кыянат пайданалуу), 307 , 221, 275- беренелери боюнча кылмыш ишин козгоду.

Кылмыш ишин иликтөө үчүн тиешелүү органдарга берилди.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты