“Кактус медиа”: Түркиядагы кызды муунтуп өлтүрүшкөн

“Кактус медиа”: Түркиядагы кызды муунтуп өлтүрүшкөнКР Тышкы иштер министрлиги маалымдаган Деңизли шаарындагы кыргыз кыздын сөөгү табылган кабар боюнча “Кактус медиа” басылмасы ал кызды муунтуп өлтүрүшкөнүн окурман кабарлаганын билдирди. 

Деңизли шаарында сөөгү табылган Кыргызстандын жараны Ж. кызы Ы. ны муунтуп өлтүргөндүгүн “Кактус медиа” басылмасынын окурманы кабарлаган.

КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы  19-мартта Денизли провинциясынын Памуккале—Аккей жолунда Кыргызстандын жараны Ж. кызы Ы. нын сөөгү табылганын, ал 1992-жылы 23-апрелде туулган. Деңизлинин прокуратурасынын маалыматы боюнча Кыргызстан жаранынын боору жана өпкөсү катуу бир нерсе тийгенден улам жараланганын кабарлаган.

Памуккале жандармериясынын башкармалыгы ал жарандын сөөгү университеттин моргунда экендигин айтышкан. Ошондой эле алар кыргыз кызы машина коюп кетип каза болгондугун билдиришкен.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты