Түркиянын Денизли шаарында кыргыз кызы көз жумду

Түркиянын Денизли шаарында кыргыз кызы көз жумдуКР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, 19-мартта жергиликтүү убакыт боюнча саат 9.40 та Денизли провинциясынын Памуккале—Аккей жолунда Кыргызстандын жараны Ж. кызы Ы. нын сөөгү табылган. Ал 1992-жылы 23-апрелде туулган. Деңизлинин прокуратурасынын маалыматы боюнча Кыргызстан жаранынын боору жана өпкөсү катуу бир нерсе тийгенден улам жараланган.
Элчиликтегилер телефон аркылуу Памуккале жандармериясынын башкармалыгы менен байланышканда, ал жарандын сөөгү университетттин моргунда экендигин айтышкан. Ошондой эле алар кыргыз кызы машина коюп кетип каза болгондугун билдиришкен.
КР ТИМи маркумдун туугандарын издештирип жатат.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты