“Мегакомго” дагы бир жуучу түштү

“Мегакомго” дагы бир жуучу түштү“Мегаком” компаниясына дагы бир жуучу түштү. КР Мамлекеттик мүлк фондунун басма сөз кызматы кабарлагандай, “Альфа Телекомдун” 100 % акциясын сатып  алууну MFT Services SA компаниясы да көздөп жатат.

“Альфа Телеком” жабык акционердик коомунун 100 % акциясын сатып  алууну MFT Services SA компаниясы да көздөп жатат. Бул –жуучулардын үчүнчүсү. Алардын сунушун Маммүлк фонду “Мегаком” компаниясына кароого жиберди.

Учурда “Мегакомдун” 100% акциясын сатуу боюнча даярдыктар көрүлүүдө.  ”Маммүлк фонду ведомстволор аралык комиссия түзүп, алар иштеп жатат. Бардык иш аяктаганлан кийин Мамлекеттик мүлк фонду “Мегакомду” сатуу боюнча  zakupki.gov.kg. расмий порталында ачык конкурс  жарыялайт.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты