Мораторийге карабай, Шабдан баатыр көчөсүн  “7-апрель” деп атамай болушту

Мораторийге карабай, Шабдан баатыр көчөсүн  “7-апрель” деп атамай болушту

19-мартта Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары 2013-жылдын 2-апрелиндеги токтомуна өзгөртүү киргизүү чечимин кабыл алышты. Бишкек шаарынын  көчөлөрүнүн  аталышын өзгөртүүгө мораторий дагы 10 жылга, 2028-жылга чейин узартылды.  Бирок мораторий эки көчөгө— Шабдан баатыр жана Чүй проспектисинин бир бөлүгүнө тиешелүү болбойт. Мэрия Шабдан баатыр көчөсүн жана Чүй проспектисинин бир бөлүгүн  “7-апрель”  көчөсү кылып өзгөртүүнү сунуш кылган.

Бул чечимди шаар депутаттары 7-апрель  революциясынын атын тарыхта калтыруу максатын көздөп, “Мекен шейиттери” , “Айкөл Ала-Тоо” коомдук уюмдарынын 2017-жылы экс-президент Алмазбек Атамбаевге кайрылуусун ишке ашыруу максатында жасашкан. Ушул көчөгө ысым ыйгаруунун себеби дал ушул көчөдөн бурулуш жасалып, демонстранттар Өкмөт үйүнө карай жылган.

Ал эми Шабдан баатырдын тарыхтагы ордун да белгилеп, Чүй проспектисинин Мухтар Ауэзов көчөсүнөн Курманжан датка көчөсүнө чейинкисин анын наамына ыйгармай болушту.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты