“Азаттык” радиосу 65 жашта!

“Азаттык” радиосу 65 жашта!Кечээ, 18-мартта,  “Эркин Европа”/Азаттык” радиосунун кыргызча берүүлөрү обого чыга баштаганына 65 жыл толду.

“Азаттык” радиосунун кыргызча берүүлөрү алгачкы обого чыкканына 65 жыл толду.  Бул убакытта “Азаттык” маалымат майданында далай жолду, ашууларды, кырларды басып келгени кыргыз угармандарынын көз кырында болуп келатат.

Бүгүн “Азаттык” радио гана эмес, “Азаттык” теле берүү дагы, “Азаттык” интернет сайт дагы, “Азаттык” мультимедиалык жалпыга маалымдоо каражаты дагы болуп калды.

Кыргыз жыттанып, кыргыз окурмандарынын терең катмарына сиңип кеткендиктен, Кыргызстанда бүгүн “Азаттык” чет элдик радио катары эмес, жергиликтүү радио катары эле кабылданып калды деп айтсак болот. Анткени “Азаттык” нукура элдик радио болуп, бут баспаган, кулак укпаган  жерлерге чейин жетип, элдин үнүн, көйгөйүн, кубанычы менен кайгысын кыйшык-кемтиги жок чагылдырып, аткаминерлердин агын ак, карасын кара деп, жашырбай-жаппай  чагылдырып келе жатат.

Саясатта болобу, маданий-экономикалык турмушта болобу, жай турмушта болобу, Кыргызстандын гана эмес, чет өлкөлүктөрдүн да жашоосун, турмуш-тирлигин ар тараптан чагылдырып берген  “Азаттыктын” берүүлөрү нары курч, нары объективдүү, нары оперативдүү, нары ар тараптуу, нары калыс, нары кызыктуу!

Кыргызстандагы жалпыга маалымдоо каражаттарына үлгүнү көрсөтүп келе жаткандардын бири— “Азаттык” радиосу деп айтууга болот.

“ПолитКлиника” эмгек жамааты, кесиптештер, силерди  бул даңктуу жашыңар менен куттуктайт!

“ПолитКлиника” порталынын, гезитинин редакциясынын жамааты      

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты