Жазда жаңыланган телеканал

Жазда жаңыланган телеканалБүгүн, 19-мартта, жаңыланган“Прайм ТВ” телеканалы өз берүүлөрү менен эфирге чыкты.  

Өлкө боюнча көрсөтүлө баштаган  “Прайм ТВ” —“Ош пирим” аймактык телеканалынын жаңыланган түрү болуп саналат. Анын Бишкектеги кеңсе жетекчиси Назира Ахмедова мындай деди:

“Жазда жер жүзүнүн баары жаңырат. Ошол себептен биз жазда, бүгүн ачылып жатабыз. Кыш мезгилиндеги даярдыктар, жанды кыйнаган кара жумуштар, түйшүктөрүбүз бекер корогон жок деп ойлойм.

Эми сиздерге жаңыланган “Ош пирим—Прайм ТВны” сунуштап олтурабыз. Жалпы команда үчүн бул сыймыктуу күнү бизге ишенгендерге, колдоп жана жардам бергендерге ыраазылык билдиребиз.

Бизди прайм-тайм режиминде көрүңүздөр! Актуалдуу жаңылыктар, оперативдүү кадрлар, аналитика, эксперттердин пикири, анан, албетте, музыка жана кинофильмдерди көрүңүздөр! –дейт Н. Ахмедова.

“Прайм ТВ” маалыматтык-көңүл ачуучу канал болот. Кыргыздын маданиятына, тилине басым коюлат. Каналда 70 киши иштейт.

Ахмедова медиа уюмдун негиздөөчүсү Жогорку Кеңештин депутаты Улан Примовдун атасы Бердибай Примов экенин айтты.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты