Мыйзамсыз курал кармагандар

Мыйзамсыз курал кармагандарМилиция кызматкерлери ок атуучу куралдарды мыйзамсыз сактап жана колдонуп жүргөн бир нече фактыны аныктады.

2018-жылдын 17-мартында Талас шаарынын 1988-жылы туулган Ю.Ж. аттуу тургуну көчөлөрдүн биринен таап алган 28-калибрдеги сайсыз ок атуучу куралды милиция кызматкерлерине өз ыктыяры менен тапшырган.
Ал эми Бишкек шаарынын жаңы конуштарынын биринин 1986-жылы туулган З.Х. аттуу жашоочусунун  үйүн текшерүү учурунда тиешелүү документтери жок, мыйзамсыз сакталып жүргөн “Макаров” үлгүсүндөгү тапанча, 1  дүкөнчө, 11 даана күжүрмөн жана 8 даана жаракаттандыруучу ок атуучу куралдардын огу табылган.
Ушуга эле катар, 17-мартта болжол менен саат 19:30 чамасында Чүй облусунун Кең-Булуң айылынын айланма жолунда жайгашкан чек ара өткөрмө пунктунан Гидростроитель айылынын 1972-жылы туулган И.Х. аттуу жашоочусу айдаган “Лексус LX-470” үлгүсүндөгү автоунаасы токтотулуп, текшерүү учурунда унаанын ичинен мыйзамсыз колдонулган “МР-513 МКА” үлгүсүндөгү пневматикалык ок атуучу куралы табылып алынган.
Алынган ок атуучу куралдар жана октор тиешелүү экспертизага жөнөтүлүп, жогоруда аталган фактылар боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.
Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы маалымдады.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты