Белоруссияда—Айтматовго арналган “Ак булут” сүрөт көргөзмөсү
- 7 лет мурун
- Маек
Бул күндөрү Белоруссиянын борбору Минск шаарында Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган кыргыз сүрөтчүлөрүнүн көргөзмөсү жүрүп жатат. Көргөзмө 15-апрелге чейин созулмакчы. Иш-чара 15-мартта ачылган.
Минскиде ачылган кыргыз сүрөтчүлөрүнүн Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына арналган сүрөт көргөзмөсү 15- апрелге чейин созулат. Бул тууралуу маалыматты КР Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Кыргыз сүрөтчүлөрүнүн сүрөт көргөзмөсү Минскиде биринчи жолу өтүп жатат. Анда айтылуу сүрөтчүлөр Юристанбек Шыгаев, Жылкычы Жакыпов, Талант Огобаевдин сүрөттөрү коюлган.
“Ак булут” аттуу живопись жана графика эмгектеринин көргөзмөсүндө Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы боюнча тартылган кыргыз сүрөтчүлөрүнүн эмгектери камтылган.
Белоруссиянын маданият министри Юрий Бондарь улуттук сүрөтчүлөрдүн мындай көргөзмөсү кыргыз элинин бай жана ар тараптуу маданиятынын бир бөлүгү болуп, белорусь көрүүчүлөрү үчүн чоң мааниге ээ экендигин баса белгиледи.
Кыргызстандын Белоруссиядагы элчиси К. Өмүралиев улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган аталган өлкөдө өткөрүлө турган иш-чаранын бул жолкусу башталышы гана болуп саналаарын, мындан кийин да ар тармак боюнча Айтматовдук сабактар улантылаарын белгиледи.