В. В. Путин куттуктоолорду кабыл алууда. Сооронбай Жээнбеков куттуктады

В. В. Путин куттуктоолорду кабыл алууда. Сооронбай Жээнбеков куттуктадыКечээ, 18-мартта, Россияда президенттик шайлоо өтүп, В. В. Путин 76, 4 пайыз колдоо таап, кайрадан президент болуп шайланды.

В. В. Путиндин шайлоодон жеңип чыгаарына эч ким деле күмөн санаган эмес. Мына эми, анын жыйынтыгы чыгарылып, 76, 4 пайыз шайлоочулардын добушун алып, президент болуп шайланды.

Кыргызстандын Президенти Сооронбай Жээнбеков өз куттуктоосунда мындай деди:

“Өткөн президенттик шайлоолордогу Сиздин ишенимдүү жеңишиңиз Сиздин өзүңүзгө жана Сиз тандаган ар тараптуу өнүгүүгө жана Россия мамлекетинин турмушунун бардык чөйрөлөрүн бекемдөөгө, Россиянын эл аралык аренадагы позициясын чыңдоого, регионалдык жана  глобалдык коопсуздукту камсыз кылууга карай багытка бүткүл элдик ишенимдин ачык-айкын күбөсү болуп саналат.
Кыргызстан менен Россия ортосундагы союздаштыктын жана стратегиялык өнөктөштүктүн жогорку деңгээлин терең канааттануу менен белгилейм. Биргелешкен аракеттер менен кыргыз-россиялык өз ара пайдалуу кызматташтык салтка айланып калган достуктун жана ишенимдин нугунда мындан ары карай да тереңдей бере турганына ишенем” деди куттуктоо телеграммасында.
Текшерилип бүткөн протоколдордун 90 % ында 76, 41 пайыз менен В. В. Путин алдыга чыкты, 2-орунда 12, 05 % менен Павел Грудинин, Жириновский- 5, 85 %, Ксения Собчак 1, 59 пайыз алса, калган талапкерлердин төртөө бир пайызга жетпеген добуш алышты.
Кыргызстанда жашаган 20 миңдей орус жаранынын 13 миңден ашууну президенттик шайлоодо добуш бергенин Орусиянын элчилиги билдирди.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты