Отунбаева менен Бешик ырын ырдайлы!   (Видео)

Отунбаева менен Бешик ырын ырдайлы!   (Видео)

“Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду 14-мартта Улуттук консерваториянын чоң залында  Бешик ырларын жайылтуу максатындагы республикалык конкурсту жыйынтыктады.  Жеңүүчүлөрдүн  аткаруусунда “Бешик ыры”  компакт-диски да чыгарылды жана келгендерге таратылып берилди.     

Азыркы заманда баланы көшүлтүп, магдыратып уктаткан бешик ырын ырдагандар бар бекен дээрсиз. Ооба, бар экен! Аларды эл арасынан издеш керек тура.Отунбаева менен Бешик ырын ырдайлы!   (Видео) Отунбаева менен Бешик ырын ырдайлы!   (Видео)

Бешик ырын уккан наристенин тили эрте чыгып, мээримдүү, боорукер чоңоюп, дүйнө таанымы кенен болорун адистер айтып жатышат.

Фонддун өкүлү Топчүгүл Шайдуллаеванын айтымында, энелердин өзүнүн үнү менен, музыкалык аспаптардын коштоосуз ырдалган бешик ырларынын конкурсу 2017-жылдын июнунан  ноябрь айына чейин, беш ай бою жүрүп, анын арасынан мыктылар тандалып алынды. Айрыкча Талас облусу менен Ысык-Көл облусунда бешик ырын ырдагандар арбын экени маалым болду. Отунбаева менен Бешик ырын ырдайлы!   (Видео)

Калыстар тобун жетектеген композитор Муратбек Бегалиевдин айтымында,  кесипкөйлөрдү чогултуп, ырларды оркестрге салып, конкурс баштоо ою болгон. Кийинчерээк Роза Исаковнанын демилгеси менен бешик ыры турмушта кандай ырдалса, так ошондой калыпта ырдалсын деген чечимге келишти. Аттуу-баштуу композитор, акын, сынчылар тарабынан жеңүүчүлөр тандалып алынды.

Аталган эл аралык фонддун төрайымы, Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева бешик ыры идеясын Кыргызстанда алдыңкы идея катары карасак жаңылбайбыз деп, буларга токтоду:

“Бешик ырын уккан бала магдырап уктайт экен. Музыка бул тарбия жаатында өтө маанилүү деп музыканттар да айтып жатышат.

Отунбаева менен Бешик ырын ырдайлы!   (Видео)Бешик ыры конкурсун оркестрдин коштоосунда эмес, балага үйдө энеси кандай ырдаса, так ошондой, аспапсыз ырдалган түрүндө өткөрүү керек деген ойго келдик. Бул биз эле эмес, жалпы Кыргызстан үчүн маанилүү конкурс болду. Анткени бешик ыры— Кыргызстандын маданиятынын бир бөлүгү. Бир эле конкурстан ушунча өнөрпоздорду, ушунча ырды тандап алдык. Демек, мындай аракет менен бул саамалыкты дагы өстүрүш керек” деди Отунбаева.

Калыстар тобунун чечими менен биринчи орун Талас районунун Кумарык айылынын «Байчечекей» бала бакчасынын тарбиячысы Канышай Капаровага ыйгарылды.

2-орун – Чүй облусунун тургуну Айымкан Кенжеева менен Жети-Өгүз районунун Чоң Кызыл -Суу айылынын тургуну Гүлжан Мусалиевага, үчүнчү 3 орун – акын жана драматург Жеңишкүл Өзүбековага,  акын Гүлжамила Шакировага жана Ат-Башы райондук гезитинин редакциясынын бухгалтери Таалайбек кызы Бегайымга (ырдын сөзүнүн автору Ж.Курманов) ыйгарылды.  Ондон ашык айымга кызыктыруучу сыйлыктар тапшырылды.

Он бештей жеӊүүчү сыбызгытып бешик ырын ырдашты. Алардын аткаруусундагы “Бешик ыры” компакт-диски белек катары таратылды.

Айгүл Бакеева

Сүрөттөр: Бешик ыры конкурсунан

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты