Референдум сабактары же өлкөнү “жиндичиликтен” коргоо зарылдыгы жөнүндө

(Башы гезиттин  өткөн  санында)

Референдум сабактары же  өлкөнү “жиндичиликтен” коргоо зарылдыгы жөнүндөӨткөн аптада Апрель элдик революциясынын 7 жылдыгы белгиленди, эч кандай сөз сүйлөнгөн жок, мамлекеттик иш-чаралар да өткөн жок. Болгону президент Атамбаевдин кайрылуусун дикторлор радио, телекєрсєтїїлєрдєн окуп коюшту, гезиттерге басылып жарыя болду. Мына ошол революция алдындагы жылдарда Бакиевдик канкор режимге тайманбастан каршы чыгып, чындык үчүн  чырылдап, баштарынан далай алааматтуу күндөрдү өткөрүшкөн, өткөөл мезгилдин түйшүгүн, жоопкерчилигин моюнга алып, анын ысык-суугуна күнү бүгүн чыдап келе жаткан Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүн да расмий иш-чараларга бийлик жолоткусу келген жок, сыртын салды. Атамбаевдин жанында ошол 7-апрелде “Ала-Тоо” аянтында кырчындай жигиттердин жаны чырылдап чыгып жатканда, бейкүнөө мекендештерибиздин каны суудай агып жатканда Ак үйдүн терезесинен маашырлана карап тургандар,  Бакиевдерди коштой чаап Атамбаев баш болгон оппозиция лидерлерин “эл бузарлар, бир ууч авантюристтер” деп сыпаттап жүргөн эки жүздүүлөр, элдик кыймылдын башында жүргөндөрдү камоо менен алектенип жүрүшкөн прокурорлор эле жүрүшкөнү далай кишинин супсунун суутту.  Майрам мына ошол “күнөстүү жердин күкүктөрүнүкү” же “коен терисин жамынган чөөлөрдүкү” болгондой маанай жаралды.
Апрель революциясынын 7 жылдыгына карай жолдонгон кайрылуусунда Атамбаев: “7-апрель — өлкөбүздүн тарыхындагы эң кайгылуу, бирок ошол эле убакта эң маанилүү окуялардын бири экендигин, бул күнү эл чындык үчүн, адилеттүүлүк үчүн майданга чыкканын, кул болбойбуз, кайрадан Кокон хандыгын курдурбайбыз, тизелеп жашаганча, тик туруп өлөбүз деп чыкканын айтып,  мындан ары биз бул күндү аза күтүү күнү катары эмес, улуттук майрам катары тосушубуз керек” экендигин белгиледи.
Калети жок сөздөр. Кыраан жигиттер  мурдагы замандагы караөзгөйлүккө, канкорлукка, эки жүздүүлүккө,  элдин жонунан кайыш тилип жаткан жемкорлукка, таламандын чак түшүндө жасалып жаткан каракчылыкка  каршы чыгып, коомдун тазалыгы, мамлекеттин келечеги үчүн жан кыйышкан, көкүрөктөрүн окко тосушкан, журтубузду канкорлуктун кара туманынан тазалашкан.
Бирок Атамбаевдин бул сөздөрү чын ниеттен айтылып жатканына ишеним жок болуп, алар курулай ураан, шартка ылайык жасалма сөз катары эле кабыл алынды. Балким жүрөктөн чыккан сөз болбогондон улам өзү эл алдына чыгып сүйлөбөй, даярдалган кайрылууну башкаларга окутуп жаткандыр. Ачыгын айтуу керек, учурда жеке керт баштын кызыкчылыгы үчүн,  утурумдук эле саясий оюндун шарданы менен шейит кеткен баатырлардын арбагы тепселип, балдарынан айрылган  ата-энелердин, атасынан айрылган балдардын, сүйүктүү жарларынан ажыраган жапжаш жесирлердин көз жашы унутта калып жатканын кантип көрбөй коебуз. Бул ачуу чындык.
Ошону менен катар элдин эркине шек келтирип,  шейит кеткендердин арбактарын да жөн койбой, аларды шаарды талап, тоноп жатып өлгөн каракчылар катары көрсөткүсү келген келжиректер да баштарын көтөрүп, массалык маалымат  каражаттарына, социалдык түйүндөргө бир топ сандыраган нерселерди да байма-бай жазып жатышат. Эгерде бийлик башындагыларга Апрель революциясы, баатырлардын арбактары ыйык боло турган болсо эмне үчүн бир ооз үн катпайт, жанагы Ормуков сыяктуу эки ооз ыр жамактай койгон бир бечараны баса калып, сотко чейин сүйрөп жаткан ГКНБнын кызматкерлери эмне үчүн бул жагдайга көңүл бурбайт, артынан түшүп иликтебейт, карандай калпты жазуу менен Атамбаевдин атын айтпаса дагы ачыктан ачык эле анын да абройуна шек келтирилип жатканын сезишпей дагы, туюшпай дагы отурушат? Же болбосо Атамбаевди тегеректеп, аны Убактылуу Өкмөттүн калган мүчөлөрүнө тукуруп отурушкандардын нукура саясаты мына ушул жактабы, кызыкчылыгы Апрель революциясын биротоло жаманатты кылуубу?
Мына ушундан улам кайра эле баягы САБАК деген нерсеге кайрылууга туура келет. Анткени айтылган сөз башка, чакырылган ураан башка, ал эми жасалып жаткан иштер таптакыр башка экендигин азыр ким тана алат.
Апрель революциясы жөнүндө айтуудан, ага саясий сын берүүдөн мурда, андан сабак чыгаруудан мурда  ошол кырдаалды, 2010-жылга карата калыптанып калган саясий режимди, мамлекеттик башкаруудагы мыйзамсыз түзүмдөрдү, ачыктан-ачык эле жасалып жаткан  коррупциялык иштерди, каракчылыкты, канкорлук менен өлтүрүлгөн депутаттарды, журналисттерди, саясатчыларды эстеп,  аларга сергек талдоо берүү керек деп ойлойм.
Эске салсак, өлкөбүздө аттын кашкасындай таанымал мамлекеттик ишмер Медет Садыркулов, саясий серепчи Сергей Слепченко, депутаттар Тынчтыкбек Акматбаев, Жыргалбек Сурабалдиев, Баяман Эркинбаев, Руслан Шаботоев, Санжарбек Кыдыралиев, Айбек Алимжанов, милиция кызматкерлери Уран Алиев, Анвар Алиев, журналисттер Алишер Саипов, Юрий Александров, Алмаз Ташиев, Геннадий Павлюк, каскадер Үсөн Кудайбергенов, бизнесмен Абдалим Жунусов, белгилүү спортчу Раатбек Санатбаев, Балыкчы округунан жаңы депутат болуп шайланган Рыспек Акматбаев жана башкалар, бардыгы болуп жүздөн ашуун кишинин көзү тазаланган, караөзгөйлүк менен эле өлтүрүлгөн.  Саясатчылар Өмүрбек Абдыракманов, Кубат Байболов, Равшан Жээнбеков, Кубаныч Кадыров, коомдук ишмер Эдил Байсалов, журналисттер Асыран Айдаралиев, Чолпон Орозобекова, Сыргак Абдылдаев баш болгон канча киши кара жанын ала качып, чет мамлекеттерге башпаанек сурап кетүүгө мажбур болушкан.  Генерал Исмаил Исаков, дипломат Аликбек Жекшенкулов баш болгон канчалаган адамдар ар кандай шылтоо менен камакка алынган, соттолушкан, ошондой эле Балыкчыда 2009-жылкы президенттик шайлоодо Атамбаевдин таламын талашып чыгышкан  Гулнара Жамгырчиева баш болгон 18 киши мыйзамсыз соттолуп кетишкен. Ал эми Болот Байкожоев, Валерий Хон, Андрей Проскун сыяктуу өзүнүн маңдай тери менен түптөп алган бизнесинен, мүлкүнөн  айрылган ишкерлерди эч ким тактап, алардын тизмесин жарыя кылган жок го дейм.
Революциялык кырдаал, элдин революциялык толкуну жөн жерден пайда болбойт, алардын себептери, кыймылдатуучу күчтөрү өтө  терең болот,  бирин-эки кишинин каалоосу менен эле боло койбойт. Көкүрөк кагып “мен жалгыз революция жасагам” деш курулай ооз көптүргөн, жоопкерчилиги жок сөз. Бул чындык биз эле эмес дүйнөлүк коомдук  өнүгүүдө далай жолу тастыкталган.

2010-жылга чейин өлкөдө мыйзам чегинен сырткары турган бийлик системасы калыптанып, анын башкаруу рычагдары бир гана кишинин, тагырак айтсак, бир үйбүлөнүн колунда эле. Мындай — конституциялык укукка негизделбеген – үй-бүлөлүк жана кландык  башкаруунун  негиздери болуп: Биринчиден, укук коргоо органдарынын, соттордун жана мамлекеттик башкаруу системасынын жеке адамдын, анын үйбүлөсүнүн саясий жана экономикалык кызыкчылыгына баш ийдирилиши; Экинчиден, бийликтин криминалдык чөйрө менен чырмалышып калышы,  уюшкан кылмышкерлерди саясий жана башка маселелерди чечүүгө колдонуу, буюртма киши өлтүрүүгө тартуу; Үчүнчүдөн, элдин мамлекеттик бийликтен четтетилиши, бийликтин үстүнөн элдик көзөмөлдүн жок болушу, бийликтин коомдук пикир, элдин ой-пикири менен эсептешпей калышы– эсептелет.
Мына ушул үч көрүнүш дат сыяктуу мамлекеттүүлүктүн өзөгүн жеп, ичинен чиритип, элдин укуктук аң-сезимин бузуп, өлкөдө үй-бүлөлүк-кландын башкаруу режимине өбөлгө болуп турган. Мындай шартта милиция, прокуратура, коопсуздук кызматы жана соттор өлкөдөгү мыйзамдуулукту сактоонун ордуна бийликтеги үй-бүлөнүн же кландын гана саясий жана экономикалык кызыкчылыктарын коргоп,  анын колундагы куралга  айланып, саясий  атаандаштарга карата куугунтук күч алып, криминалдык чөйрө өлкөдөгү саясий маселелерди  чечүүгө  жана менчикти кайра бөлүштүрүүгө активдүү катыша  баштап, бийликтин өзүм билемдиги күчөп, бийликтеги адамдар жазадан коркпой калышкан. Жарандардын саясий жана экономикалык укуктары тепселип, шайлоо өз маанисин жоготкон, 2007-жылдагы парламенттик шайлоодо дагы, 2009-жылкы президенттик шайлоодо дагы добуш берүүнүн жыйынтыктары кара өзгөйлүк менен бурмаланган, элдин тандоого, эркин шайлоого болгон укугу уурдалган.
Бул жагдай үмүттүн үзүлүшүнө алып келген. Ооба,  үмүттүн үзүлүшү революциялык кырдаалдын ички, терең себептердин эң башкысы, эң маанилүүсү.
Чынында эле Бакиев, анын балдары, бир туугандары, аларга жакын болгон, алардын кызматын кылган адамдар мыйзам чегинен сырткары чыгып алышып, “кой деген кожо жок, ай деген ажо жок”, “өзүбүздү өзүбүз билебиз, өтүгүбүздү төргө илебиз” деп Кыргызстанды эли-жери, бүтүндөй табигый жана башка байлыктары менен басып алышып, өлкөнүн толук кожоюну болуп калышпады беле. Мыйзам чегинде аларды бийликтен кетирүү, жоопко тартуу, алардын талоончулук аракетинен өз бизнесин, мүлкүн коргоп калуу карапайым адамдар үчүн мүмкүн болбой калган. Өйдө карап сүйлөй турган, алардын кыянаттык иштерин ачык айта турган киши дээрлик калбай калганын азыр кантип танабыз. Алар өз бийликтерин түбөлүк орнотуп алгандай пейил күтүп, улуттук байлыктарды сатып, элдин ырыскысын талап-тоногону аз келгенсип, Президенттик бийликти укумдан-тукумга өткөрүп берүү  жолун даярдап, Конституцияга атайын өзгөртүүлөрдү киргизүүгө камынып калышкан. Бакиевдердин бул демилгесин ошол кездеги “Ак жол” партиясы, алар көпчүлүктү түзгөн Жогорку Кеңеш, а түгүл  мыйзамдуулуктун тиреги болгон Конституциялык сот дагы колдоп чыкканы азыр эч кимдин эсинен чыга элек. Мына ушул жагдайдан улам элдин бардык катмарында нааразычылык күчөп, канкор үй-бүлө бийликте турганда Кыргызстандын келечеги жок экендигине көз жеткен, келечектен, жакшылыктан үмүт үзүлгөн.
Натыйжада эл толкуган. Толкундун күчү катуу болуп, атылган ок, төгүлгөн канга карабай канкор бийликти сүрүп чыккан.
Бүгүн “үй-бүлөлүк” башкарууну жок кылдык деп атабыз, бирок азыркы “жан жөєкөрлөрдүн” башкаруусу андан эмнеси менен артык, эмнеси менен жакшы? Апрель революциясы жаңы заманга жол ачты деп ураан чакырып да атабыз, бирок ошол “жаңы” деп аткан замандын ырайы кандай, кай жакты карай бара жатабыз?

Мындай суроолордун негизи бар. Анткени айтылган сөз бир башка, жасалып жаткан иш теңирден тетири. Жогоруда айтылган 2010-жылдагы революциялык кырдаалды жараткан жагдайлар азыр да толугу менен кайталанып жатат. Буга ошол эле Өмүрбек Текебаев баш болгон саясий оппозицияда болгон депутаттарга кылмыш ишинин козголушу, аларды камоо, Эрнис Кыязовдой тили так журналисттерди жана алардын үй-бүлөсүн  коркутуу аракети,  “Азаттык” радиосун баш кылып массалык маалымат каражаттарына соттук доо коюлуп кысым көрсөтүлүшү,  КТРК баш болгон мамлекеттик массалык маалымат каражаттары аркылуу оппозициялык маанайдагы адамдарга өз каалагандарынча көө жаап, алар жөнүндө ушак-жалаага гана негизделген маалыматтардын таркатылып жатышы толук далил.    Коомдук турмуш таптакыр башкача нукта калыптанып,  саясий агым кооптуу чекти карай  бара жатканын көрүп дагы, туюп дагы жатпайбызбы.
Мына ушундай кырдаалда Апрель революциясынан чыгара турган чоң сабак – бул элдин үмүтүн үзбөө, келечекти карай ишеним менен кароосун камсыз кылуу. Жакшы тилек, илгери үмүт менен жашаган адам кандай кыйынчылык болсун чыдайт. Олдоксон, акылга сыйбай турган кадамдары менен азыркы бийлик элди жардын кырына камап, аргасын түгөтүп,  анан өз табигый укугунан пайдаланып бийликти кайрадан күч менен алмаштырууга  мажбур кыла турган болсо, анда жакынкы мезгилде өнүгүү жөнүндө ойлонмок турсун, мамлекеттин тагдыры да кылдын учунда илинип калат. Бул чындыкты жадыбызда бекем кармоого ар бирибиз милдеттүүбүз.

(Уландысы кийинки санда)

           Эмилбек КаптагаевРеферендум сабактары же  өлкөнү “жиндичиликтен” коргоо зарылдыгы жөнүндө

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты