Мээрбек Мискенбаев Асылбек Жээнбеков депутаттыгын тапшырсын деди

Мээрбек Мискенбаев Асылбек Жээнбеков депутаттыгын тапшырсын дедиБүгүн, 17-мартта, “Медиа форум” ишканасынын алдындагы Аксы окуясын эскерүү учурунда “Айкөл Ала Тоо” коомдук бирикмеснинн төрагасы, ЖК мурунку депутаты Мээрбек Мискенбаев президент Сооронбай Жээнбековдун бир тууган иниси, Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбековду убадасына туруп, депутаттык мандатын тапшырсын деди.
М. Мискенбаев шайлоо алдында Асылбек Жээнбеков агасы президенттикке өтсө, депутаттык мандатымды тапшырам деп сөз берген, эми ошол убадасын күтүп жатабыз деп айтты.
“Жээнбеков партиялаштарга, баарына «агасы президенттикке өтсө, депутат болууга моралдык укугум жок, эл менен болушум керек» деп сөз берген. Мандатын таштап, арабызга кошулсун. Анткени ал да СДПК да. СДПКга да, революционерлерге да сөз тийип жатат. Анткени биз эки үй-бүлөлүк клан менен күрөшкөнбүз. Эми ошол убадасын аткарышын күтүп жатабыз. Эгер депутат бойдон кала берсе, үй-бүлөлүк башкаруу болуп жатат деген сөз президентке, социал-демократтарга жана үй-бүлөлүк башкарууга каршы чыгып революция жасагандарга тиет”деп айтты Мискенбаев.
Учурдагы президент туугандарын бийликке алып келбеген мурдагы президент Алмазбек Атамбаевден үлгү алышы керектигин кошумчалады:
“Алмазбек Шаршенович үй-бүлөсүнүн эч кимисин бийликке алып келген эмес. Алмаз Шаршеновичтен үлгү алып, Сооронбай Шарипович ушундай чечим кабыл алышы керек” деди Мээрбек Мискенбаев.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты