Аксы окуясын эскеришти. Талап коюшту

Аксы окуясын эскеришти. Талап коюштуБүгүн, 17-мартта, “7-апрель” скверинде чогулгандар “Медиа форум” имаратынын алдында Аксы окуясын эскеришти, 7-апрель революциясынын жетишкендиктерин жана коррупцияга каршы иш-аракеттерди батыл улантуу боюнча талап коюшту. Иш-чарага “Айкөл Ала Тоо”, “Мекен шейиттери” коомдук бирикмелери Аксы окуясынын катышуучулары ж.б. катышты.
Иш-чаранын катышуучулары Мамлекет башчы, Өкмөт башчы, Жогорку Кеңеш төрагасынын наамына Кайрылуу кабыл алып, коррупция менен күрөштү батыл жүргүзүү, сотторду калыс тандоо, коррупцияга малынгандарды жолотпоо талабын коюшту. Экс-президенттер Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевди Кыргызстанга чакырабыз деген чагымчылар чыгып жатканын, аларды токтотуу керектигин эскертишти.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты