Сооронбай Жээнбеков: “Эркиндикти туу туткан элибиз кландык башкарууга жол бербейт”

Сооронбай Жээнбеков: “Эркиндикти туу туткан элибиз кландык башкарууга жол бербейт”КР Президенти Сооронбай Жээнбековдун  2002-жылдын 17-мартындагы  Аксы окуяларына байланыштуу кайрылуусу:
“Урматтуу кыргызстандыктар!
17-марттагы  Аксы окуясы кыргыз элинин тарыхында авторитардык-үй-бүлөлүк башкарууга каршы чыккан карапайым элдин майтарылбас эркин даңазалаган каармандыктын күнү катары жыл сайын белгиленип келет.
Ушул күнү Аксы окуясында курман болгон   жана жарат алган мекендештерибиздин каармандыгын эскеребиз.
Аксы окуясы  эгемендүү Кыргызстандын тарыхына демократияны коргоонун, мамлекеттүүлүктү бекемдөөнүн күнү катары кирди. Эзелтен эркиндикти туу туткан элибиз өлкөбүздө кландык башкарууга жол бербестигин ачык-айкын далилдеди.
Аксы окуясынын тарыхый мааниси жана мазмуну бийик.
Бийликтин ээси эл, калыстыктан тайган бийликке эл эч качан моюн сунуп бербестигин, эрки майтарылгыс экендигин көрсөттү. Уюткулуу элибиздин намысын козгоп, мекенчилдик сезимин ойготту.
Эгемендүү Кыргызстандын соңку тарыхында адилетсиздикке жана мыйзамсыздыкка каршы жалпы элдик күрөштүн башатына айланды, кийинки элдик  эки революцияга  дем берди. Эркин мамлекет элибиз үчүн өмүрдөн да кымбат дөөлөт экендигин айгинеледи.
Урматтуу мекендештерим!
Кыргызстан эгемендүүлүк жылдары далай татаал сыноолордон өттү. Эркиндик, көз карандысыздык үчүн    элибиз тикесинен тик туруп, урпактар үчүн ондогон мекендештерибиз өмүрүн сайды. Ошол санжыралуу тарыхыбызда 2002-жылдын 17-мартындагы окуялар өзгөчө орун ээлейт.
Аксы окуясынын каармандарына  биз  ар дайым башыбызды ийип таазим этебиз! Курман болгон азаматтарыбыздын ысымдары Кыргызстан тарыхында алтын тамгалар менен жазылып калды.
Эгемендүү мамлекетибиздин жаркын келечеги үчүн жанын курман кылган чыныгы уулдарын элибиз эч качан эстен чыгарбайт!
Алардын каармандыгы бизди  мамлекеттеги тынчтыкты баалай билүүгө,  коомдогу туруктуулукту жана ынтымакты көздүн карегиндей сактоого  үндөп турат”.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты