Кайсы өлкөгө самолетто учтуңуз эле? Самолеттогу акысыз кызматтарды билесизби?

Кайсы өлкөгө самолетто учтуңуз эле? Самолеттогу акысыз кызматтарды билесизби? Учак сапарында ары кызыктуу, ары эсте каларлык окуялар көп болот эмеспи. Ушул жана башка соболдор менен эл көзүндөгү инсандарга кайрылдык.
Кайсы өлкөгө самолетто учтуңуз эле? Самолеттогу акысыз кызматтарды билесизби?Гүлзада Рыскулова, ырчы: “Америкада стюардессалар 45-50 жашта экен”
—Япония менен Түркияга барып келдим. Япониядан аз жерден учакка кечигип кала жаздап, бизди авиакызматкерлер өздөрү таап келип, биз менен чогуу чуркап учакка жеткизишкен. Ушунчалык өз ишине так келишет экен. Япондордун сервиси эң сонун.
Ал эми Стамбулда учакты карап олтуруп учуруп жибергенбиз.
Бизде авиакызматкерлердин жашына карашат эмеспи. Ал эми Американын учактарында стюардессалар 45-50 жаштын тегерегинде экен. Аларда көбүнчө тажрыйбасына көңүл бурушат.
Узак убакытка учкан учактар сөзсүз тамак-аш менен камсыз кылат. Кызматтарынан айрым учурда пайдаланам. Суусундук алган учурлар болот. Көп учурда бекер. Сатып алсаң эки эсе кымбат”.
Залина Касымова, фольклорист, Кайсы өлкөгө самолетто учтуңуз эле? Самолеттогу акысыз кызматтарды билесизби?кыл кыякчы:
“Акысыз кызматтарын пайдаланса болот”
—Биринчи жолу Кыргызстандын маданият күндөрүнө карата Москвага концерт койгону учканбыз. Албетте, алгач ирет учуп жаткандан кийин кандай болот, көңүлүм айланбайбы, кулагым тунбайбы, башым тегеренбейби дегендей кооптонуу сезимдери болгон. Менимче, ар бир класстын (учакта) кызматтары ар түрдүү. Биздин учак чыгымыбызды чакырган тарап каржылагандыктан, көп акысыз кызматтарга күбө болдум. Акысыз кызматтарын пайдаланса болот. Мен өтө суусагандыктан бир жолу суу ичсем керек эле.
Учак кызматтарына учкучтардын учакты айдоосун, стюардессалардын жүргүнчүгө жасаган мамилесин да кошсок болот. Айрым учактардын кызматкерлери өтө сылык болушса, айрымдары бир аз ороюраак мамиле жасашат. Бул да ошол учактын талаптарынан болсо керек.
Бир жолу Франциядан Миланга учканым такыр эсимден кетпейт. Жеткиче титиретип айдаган. Кээде учканда да, конгондо да бир калыпта болуп, учакта экениң билинбейт. Дагы бир жолу Тайванга учуп, транзитти 11 сааттай күткөнбүз.
Ал эми эң узак Америкага 11-12 саат учканмын.
Кайсы өлкөгө самолетто учтуңуз эле? Самолеттогу акысыз кызматтарды билесизби?Назира Айтбекова, алып баруучу:
“Учактардын акысыз кызматтарын колдонгон эмесмин”
—Алгач ирет Москвага жолдошум менен учсам керек. Учакта акысыз кызмат бар дегенге күмөнүм бар. Колдонгон эмесмин. Эгер учактагы кызматтардан пайдаланууну кааласаң, билетке кошумча акча төлөйсүң. Билет баасы канчалык кымбат болсо, ошончолук учактын кызматтарынан пайдалана аласың. Бир жолу “Pegasus” менен учканда 10-15 долларга тамак алсам керек. Акыркы жолу Кореяга учкам”.
Мээрим Карыпова, ырчы: Кайсы өлкөгө самолетто учтуңуз эле? Самолеттогу акысыз кызматтарды билесизби?“Бийиктиктен абдан силкилдегенбиз”
—Мындан 3-4 жыл мурун Стамбулдагы фестивалга бара жатып бийиктиктен аябай силкилдеп коркунучтуу учурга туш келгенбиз. Учактын ичиндегилер бушайманга түшүп, ыйлашкан. Балдарым көз алдыман өтүп, мен дагы кайдан түштүм эле деп кейиген учурум болгон. Чындап эле мындай учур өтө коркунучтуу болот экен. Ошол маалдарда бизде да учак кырсыгы болгон эле. Кудай буйруп, аман-эсен жеткенбиз.
Учактан түшөөрдө жүргүнчүлөр бири-бирибизге күлүп, коштошконбуз. Мага Түркиянын авиакомпаниясы абдан жакты. Ошондой эле Германиянын кызматкерлери, мамилеси жакты. Көп эле чет өлкөгө чыгып жүрөм. Учактын дүкөн кызматтарын колдонуп калам.
Кайсы өлкөгө самолетто учтуңуз эле? Самолеттогу акысыз кызматтарды билесизби?Учактагы акысыз кызматтарды билесизби?
Учакта жүргүнчүлөр үчүн түрдүү акысыз кызматтар каралган. Алар кайсы кызматтар? Билип алсаңыз, сапарда пайдасы тийиши мүмкүн.
Учакта жүргүнчүгө жаздык, плед жана уктоого жардам бере турган бет майлар болушу зарыл. Эгерде жүргүнчү уктоону кааласа, төмөндө аталган буюмдарды суроого укугу бар. Булар учактагы акысыз кызматтардын сап башында турат.

Эгерде жүргүнчүнүн бут кийими ыңгайсыз болуп жатса, борттогу кызматкерлер ага бир жолу колдонулуучу байпак же жеңил бут кийим беришет. Узак рейстин жүргүнчүлөрүнө сөзсүз түрдө өздүк гигиенаны сактоо каражаттары болгон тиш пастасы, самын, ным салфеткасы ж.б. беришет. Ал эми айрым авиакомпаниялар эрин бальзамын жана кол кремди да бере алышат.

Эгерде учак билети учактын учуу саатынан 24 саат эрте алынса, жүргүнчү тамак-ашка буйрутма бере алат. Көптөгөн авиакомпаниялар мүнөздөлгөн, вегетариандык тамак-ашты сунушташат. Бул үчүн акы төлөөнүн кереги жок.

Учак ичинде жаңгак, чипсы кааласаңыз булар да кошумча акысыз кызматтардын катарын толуктайт. Бирок бул кызмат бардык авиакомпанияларда боло бербейт. Бул туурасында стюардессадан суроо керек.

Борт ичинде эң көп талап кылынган суусундуктар катары суу, жемиш ширесинен башка чай жана кофени айтсак болот. Бирок көптөгөн авиакомпанияларда булардан сырткары да суусундуктар каралган. Мисалга алсак, ысык шоколад суусундугу.

Сапарга билет алууда ыңгайлуу орундукту алдын-ала брондоп коюуга мүмкүн. Мисалы, бутту кенен алып отурууга мүмкүн болгон орундукту ж.б . Мындай нерселерди алдын-ала билип алуу сапарды алда канча жеңилдетет. Эскерте кетсек, бардык шарттары каралган орундукту алуу үчүн билет акысы да кымбатыраак болот. Эгерде учакта бош орундуктар болсо, орунуңузду алмаштырсаңыз да болот. Бул үчүн борт кызматкери сизге жардамчы болот.

Негизи учакта тамактануунун акысы учак билетине кошулган. Бирок ар бир жүргүнчүнүн табити ар түрдүү. Эгерде берилген тамак-ашка тойбой калсаңыз, уялбастан стюардессага кайрылыңыз. Эреже боюнча борт коштоочулар мындай өтүнүчтү четке какпашы зарыл.

Кез келген рейсте чукул кырдаалдарда колдонулуучу дары-дармек кутучасы бар. Алар ооруну басаңдатуучу, баш оорунун дарысы, астмага каршы дарылар ж.б. болушу мүмкүн. Зарыл учурда алгачкы медициналык жардамды борт кызматкерлери көрсөтөт. Бул дагы милдеттүү кызматтарга кирет.

Мурун наристе менен сапарга аттануу түйшүктүү болсо, азыр энелердин учактагы түйшүгү жеңилдеди десек болот. Анткени учурда мурдагыдай наристелер үчүн өзүнчө орун алуу деген жок. Көптөгөн авиакомпаниялардын учактарында баланы термете турган акысыз бешиктер бар. Болгону ата-энелер учак билетти алып жатканда, атайын бешик орнотулган орундукка буйрутма бериши керек.

Борт ичинде ар дайым убакытты өткөрүү же көңүл көтөрүүчү түрдүү буюм-тайымдар бар. Алар кызыктуу журналдар, радио, кулакчын ж.б.
Бул туурасында борт ичинде жарыялай беришпейт. Эгер кааласаңыз, стюардессадан учакты кыдырып, пилоттун кабинкасын көрүүнү өтүнсөңүз каршы болбосу анык. Көпчүлүк авиакомпаниялар мындай мүмкүнчүлүктү гана авиациянын чыныгы күйөрмандарына беришет. Пилоттун кабинкасын учак жерге конгондон соң көрсөңүз, андан жакшы.

Жанара Каденова

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты