Саламат Садыкова, КР эл артисти: “Өз доорума адал кызмат кылдым”

Саламат Садыкова, КР эл артисти: “Өз доорума адал кызмат кылдым”Кыргыз Республикасынын эл артисти Саламат Садыкованын табигаттан берилген тунук үнү, шаңшыган комузу менен кыргыз маданиятына из калтырып, аны дүйнөгө даңазалап келатканын эч ким тана албаса керек. Саламат айым элин кубантып 28-29-март күндөрү “Сахнада 40 жыл” аттуу чоң концерт бергени турат. Биз муну шылтоо кылып эженин чыгармачылыгы, жашоосу тууралуу маектештик.

— Саламат эже, бир аз мурдарак жаштар классикалык, фольклордук музыкаларга көп көңүл бурбай калды эле. Азыркы тапта жаштардын тартылуусу байкалабы?

— Коом өзү бардык нерсени ооз тийип көрөт да. Анан түбү келип, маданиятыбыздын жүзү, маңызы каякта экенин таразалап алышат. Бир учурда ошентип жеңил музыкага, дарсылдак-дүрсүлдөктөргө ыктап, “мына ушулар жакшы ырдайт экен, комуз менен ырдагандар элди зериктирип жиберет экен” дегенге жетип калганбыз. Мына биздин мамлекеттик каналда иштегендер “Биз сизди бере албайбыз, комуз менен чыкканда эл зеригип кетет экен” деген учурлар болду. Биз аларга теригип жүрдүк. Такай эле биздин телевидениеге көөп кете турган продюсерлер келет. Бирок, айланып келип эле ак эмгек жерде калбайт экен.

— Ырчылык өнөр менен бул жашоодо сиз эмне таптыңыз да, эмне жоготтуңуз?

— “Өнөрлүү өлбөйт” деп коет экен, ырчылык менен мен өзүмдү өзүм таптым. Бала кезимден койгон максатыма жеттим. Айылыбызда сай болор эле, ошол сайдан өтүп мектепке барып келгенче отура калып, топуракка буланып ойночу элек. Мен ошондо дагы темир комуз какчумун. Ошентип ойноп жүргөн учурда кыялымда азыркы ааламды, бийиктикти элестетчүмүн. Азыр таң калам, бала кезде эмнени тилесең, ошону Кудай берет экен. Жетишкендигим – өзүмдүн доорума адал кызмат кылып келатам. Мисалы, көп ырчылар стадиондордон акча жыйнаган учурда биз ушул жерден жылбай, мамлекеттик маданияттын берген айлыгына топук кылып, чепте турган солдаттардай болуп отурдук. Көп ырчылар бул учурда өзүнүн чарбасын тыңдады, оокатын тыңдады. Телевидениелерден кээде журналисттер чалып калат “үйүңүздөн тарталы” деп. “Мени үйүмдөн тартпай эле койгулачы, мен элге окшоп ак сарай сала алган жокмун” дейм мен. Уттурганыңыз десең, мен ушул нерсени айтар элем. Эч нерсеге деле өкүнбөйм. Албетте, кээ бирлер “Бул ыр менен жашап өтүп кетти. Мен үйбүлөмдү түптөдүм, үйбүлөмдү кармап келатам” деп айтып айрым кесиптештерим менин короомо таш ыргытып калышат. Үйбүлөсүн кармагандар үйбүлөсү менен бактылуу болушсун. Демек, менин тагдырым ушундай чийилген. Чыгармачылыгыңды түшүнбөгөн адамды колунан сүйрөбөйсүң да. Болбой калган күндөрдү да сыйлайм, анткени, ошол күндөр мени андан бетер ырдатты. Рысбай Абдыкадыровдун ырларын бекеринен ырдаган жокмун да. Болбосо “Жолугалы гүлүм, жолугалы” деп ырдап калмакмын да. Ошондуктан, менин өткөн чагым чоң чыгармаларды аткаруумдагы мектеп болду.

Саламат Садыкова, КР эл артисти: “Өз доорума адал кызмат кылдым”— Азыр эми минтип кыздарыңыз чоңойду, неберелериңиз бар катар-катар. Өзүңүздүн балалык күнүңүз оор болду да, анан балдарыңыздын балалыгы бактылуу болушуна болгон күчүңүздү жумшасаңыз керек?

— Аракет кылганым ушул да. Мен жаш эне болгон күндөн тартып кыздарыма болуп көрбөгөндөй бакытты тилей берчүмүн. Адам эмнени тилесе ошол болот экен. “О Кудай, ушул кыздарым менден билимдүү болуп, менден жакшы турмушта жашаса, бактылуу болушса” деп тилек кылчумун. Экөөнө алымдын жетишинче билим бердим. Болгон ийримдердин баарына катыштырдым. Кудайга шүгүр, мына бирөө түрколог, бирөө англис тилинде түш жооруп иштеп жүрөт. Азыр эми неберелеримдин келечегин көп тилечү болдум.

— Бала тарбиялоодо өзүңүздүн ыкмаларыңыз барбы? Баланы кандай жазалайсыз?

— Кээ бирлер “Менин ата-энем такыр урушпай чоңойткон” деп айтып калышат. Кантип эле ушундай болсун? Тирүү кишинин үйүндө идиш-аяк дагы калдырайт да. Мен катаал киши болчумун, кыздарыма катуу тийчүмүн. Кээ бирде колум да  тийип калчу. Махабат кызым университетти жаңы бүтүп, жумушка кирип, биринчи айлыгын мага 10 миң сом кылып алып келип берди да. Баланыкы башкача болот экен, элжиреп кубанат экенсиң. Ошондо “И-ий, ушул кызымды көп урушат элем, кээде сабап да койчу элем” деп аябай уялбадымбы. Турмушта балдарыңдан да сабак алат экенсиң. Бул кызым бир тыйынын да менден кызганбаган адам болуп чоңойду. Мен негизи балдарды жүдөтүп, сурай берген энелерге кирбейм. Бирок бир нерсесине көзүм түшүп, кызыгып калсам эле “Жактыбы, ала бериңиз” деп калат. Менин колума карга чычып койсо деле, дароо Кундуз кызыма жөнөйм.

— Сиз алтымыштан аштым десеңиз эч ким ишенбесе керек. Бетиңизде бир да бырыш жок, же сепкил жок. Ушундай жаш көрүнүүнүн сыры эмнеде?

— Биринчиден, табигат берген материалым ошондой болсо керек. Экинчиден, адамдын жүрөгү кенен болушу керек. Жаштык, сулуулук, ажарлуу болуп жайнап жүрүшү адамдын ички дүйнөсүнүн чагылышы. Куйту, кекчил адамдарды да карасаңар, бетине чыгып турат. Мен тымпыйып, ичине бир нерсе каткандардан эмесмин. Айтсам бетине айтам, болбосо бирөөнүн артынан сүйлөбөйм. Эч кимге кек сактабайм. Артымдан ушактагандарды деле кечирип кое берем. Бул ден-соолугуңа да жакшы экен.

Дилбар АЛИМОВА

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты