“Салам, Кыргызстан!” берүүсү жабылды

“Салам, Кыргызстан!” берүүсү жабылдыУТРКнын “Салам, Кыргызстан!” берүүсү коомчулуктун сындоосунан кийин жабылды. Анда көрүүчүлөрдүн купулуна толбогон жагдайлар боюнча көптөгөн сын-пикир айтылып келген. УТРК директору Илим Карыпбеков сын-пикирлер боюнча оюн фейсбук баракчасында билдирди.
«Салам Кыргызстан» көрсөтүүсү боюнча маалымат берүүнү чечтим. Интернет булактарында таркап, талкууга алынып жаткан ырчы Клара Алибекова жана «чыпалак баатыр» боюнча көрсөтүүлөрдү карап чыгып, төмөнкүнү билдирем.
Клара Алибекова жөнүндө көрсөтүү бир жылдан ашык мурда болгон экен. Бирок бул көрсөтүүнү жана «чыпалак баатыр» жөнүндө болгон окуяны мен дагы туура эмес, этикалык көрүнүштүн чегинен чыгып кеткен деп кабыл алып жана дагы башка көптөгөн көрөрмандардын сын-пикирлерин эске алып «Салам, Кыргызстан!» көрсөтүүсүн токтотуу боюнча чечим кабыл алдым.
Тартылып, эфирге даярдалып калган көрсөтүүлөрүн дыкаттык менен карап эфирге чыгарабыз. Ал эми көрсөтүүнүн концепциясын, алып баруучуларын кайра карап чыгып, көркөм кеңештин кароосуна жөнөтүү сунушталды.
Биздин туруктуу көрөрманыбыз болуп, конструктивдүү сын-пикир берип, көрсөтүүлөрүбүздүн жакшыруусуна чоң салым кошуп атканыңыздарга ыраазычылыгымды билдирем” деди Илим Карыпбеков.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты