Мухаммедкалый Абылгазиев президенттик аппарат жетекчиси болуп дайындалды

Мухаммедкалый Абылгазиев президенттик аппарат жетекчиси болуп дайындалдыАбылгазиев  Мухаммедкалый  Дүйшекеевич мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Президенттик аппараттын жетекчиси болуп дайындалды. Мындай жарлыкка КР Президенти Сооронбай Жээнбеков койду.

Мухаммедкалый Абулгазиев 1968-жылдын 20-январында Нарын областынын Кочкор районундагы Дөң-Алыш айылында туулган. 1994-жылы К.И.Скрябин атындагы айыл чарба институтун, 1997-жылы Кыргызстан эл аралык университетин аяктаган.
“ПолитКлиника” порталында 7-мартта Фарид Ниязов кеткенден кийин анын ордуна Мухаммедкалый Абулгазиевдин келишин божомолдодук эле.
—Айрым божомолдорго караганда, аппарат жетекчиси болуп президенттик аппарат жетекчисинин биринчи орун басары Мухмамедкалый Абулгазиевдин аты айтылууда. Анын буга чейин мамлекеттик кызматтарда тажрыйбасы бар, башка мамлекеттик органдар менен алака түзө алат, биринчи вице-премьерлик кызматта Сооронбай Жээнбеков премьер кезинде да иштеп келген. Жээнбековдун кесиптеши, Скрябин атындагы айыл чарба институтун бүткөн. Түндүк-түштүк тандемине да туура келет, Абулгазиев Кочкор жергесинин кулуну, кыргызча тарбиядагы жигит, -деп жазган элек.
Айжан Айтышева

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты