Элмира Ибраимова: “Бийлик менен оппозициянын мамилеси чыңалууда. Абалды бийлик өзү курчутуп жатат”

Элмира Ибраимова “оппозициянын лицензиясын” алган убагынан бери эмне менен алек экенин, дефолт жана өлкөнүн экономикалык абалы, оппозиция менен бийликтин тиреши, өзүн президенттик шайлоого барат деген сөздүн чын-төгүнү, анан бүгүнкү туулган күнүн кандай белгилээри тууралуу суроолорго жооп берди.       

Элмира Ибраимова: “Бийлик менен оппозициянын мамилеси чыңалууда.  Абалды бийлик өзү  курчутуп жатат”— “ПолитКлиника” гезити жарыкка чыккан күнү (13-апрель) сиздин туулган күнүңүз экен. Адатта туулган күндү кандай белгилейсиз?
— Туулган күндү мен шаан-шөкөтсүз, үй-бүлөм, жакындарымдын арасында белгилегенди жактырам. Үй-бүлө менин жан дүйнөмө жылуулук тартуулаган, күч-кубат берип турган тирек болуп саналат. Дегеле ар бир адам үчүн үй-бүлөсү баарынан кымбат да. Жакын адамдарым кыйын кезеңде мени колдоп-кубаттап турушат, бул жагынан абдан жолдуумун. Бирок үй-бүлөдөгү ар бирибиздин өз көз карашыбыз бар, бири-бирибиз менен баарлашууну абдан баалайбыз. Азыр  көпчүлүккө бири-бири менен кенен-кесир отуруп, баарлашуу жетишпей жатпайбы.

 — Президент Алмазбек Атамбаев сизге “оппозициянын лицензиясын” тапшырды дедиңиз эле. Азыр да оппозиция катарындасызбы? Деги эле эмне менен алексиз?
—Биздин президентибиз эмнегедир кимдир-бирөөлөрдү кордоп, ыза кылып, кандайдыр айып тагууну адат кылып алды. Баары унчукпай эле угуп, тим болушууда. Ошондуктан мамлекет башчы эмне десе, баары боло берет экен деп ойлойт окшойт. Мен өзүмдүн атуулдук позициямды билдирип жатам, анткени мен ар убак абийирим айтып турган нерсени жасайм. Эсеп палатасынын төрайымы кезимде да өз позициямды билдирип келдим, анан айтмакчы, мамлекет башчыбызга менин позициям жаккан жок. Бүгүнкү күндө коомдук-саясий иштер менен алекмин. Ошондо да бир да саясий партиянын мүчөсү эмесмин, бирок алардын алгылыктуу демилгелерин колдоп келем.

— Президент өз сөзүндө сизди Эсеп палатасында иштеп турганда дефолт тууралуу айтмак эмес деп, андан сырткары сиздин жолдошуңуз, кайнатаңыз тууралуу дагы айтып кетти эле. Бул тууралуу кандай комментарий бересиз? Жана үй-бүлөңүз тууралуу неге ачык айтпай келесиз?
— Биздин өлкөдөгү экономикалык проблемалар мен оппозицияда турамынбы же кызматтамынбы, ага карабай эле болуп жатат.  Өлкөнүн тышкы карызы мага же Өкмөттүн аракеттерине байланыштуу эмес. Биз азыр финансылык-экономикалык кыйынчылыкты баштан кечирип жатканыбызды ар бир жаран билет.  Эл аралык валюта фонду  “расмий органдар кайра дагы карыздар болуп калуудан этият болуп, бюджеттик консолидацияны кайра жандандырууга токтоосуз киришсин” деп Өкмөткө эскертип жатат. Атамбаев мен жөнүндө эле айтпастан, кайын атама да (ред: Карыпбек Алымкулов) сөз тийгизди, ага окшогон абдан билимдүү, кадырлуу кишиге сөз ыргытып, Президент өзүнүн тарбиясыз экенин, алысты көрө албаганын көрсөтүп жатат. Чынында, кайын атам Тегерек столдо сөз сүйлөп, азыр кредиттер жол салууга тартылууда, бул каражат бюджеттен төлөнөт, анткени Өкмөттүн жол башкармалыгы боюнча стратегиясы жок деп айткан. Анын айткандары туптуура. Атамбаев көтөрүлүп жаткан маселенин маңызына жооп бере албай, сөздү башкага буруп, адамдарды кордоп кирүүдө.

— Бийлик менен оппозиция тиреши эмне менен аяктайт деп ойлойсуз?
—Бийлик менен оппозициянын мамилеси чыңалууда.  Андан дагы абалды бийлик өзү курчутуп жатат. Мына, азыр журналисттердин мүлкү камакка алынып жаткан прецендент түзүлдү, ал эми Кыргызстандын Конституциясында жеке менчикке укук бекитилген. Чынында эле Президенттин кыйкырыгы менен кордогондору жана бүткүл мамлекеттик машинанын аракеттери жаратылышы жагынан бири-бирине шайкеш келип турат. Атамбаев жакпаган адамдардын баарын кыйкырыгы менен коркуткусу келип, ал эми мамлекеттик машина жакпаган кишилердин баарын басууда.  Бийлик өз элин ишендирүүнүн эң коркунучтуу жана натыйжасыз тилин тандап алды. Адамдардын баарын коркутуп алуу мүмкүн эмес.

— Ал эми Өмүрбек Текебаевдин камалышы боюнча оюңуз кандай?
—Текебаевдин ишине юридикалык жактан баа бере албайм, андай бааны адилет сот гана берет.  Ал эми кылмыш ишинин козголушу жана аны кармоонун саясий себептери болгону кашкайып эле көрүнүп турат. Текебаев Президентке жакын айрым чиновниктердин мыйзамсыз байып кеткендиги тууралуу так жана ачык айтып, Президенттин өзүнүн финансылык абалы тууралуу маселени койгон, бул бийликке жакпады.

— Оппозиция куугунтукталып, айрым Жалпыга маалымдоо каражаттарына чоң суммадагы доо артылууда. (Башкы прокуратура “Азаттык”, “Заноза” сайттарына айып салууда.) Булардын иши кантип чечилет деген ойдосуз?
—Жалпыга маалымдоо каражаттары менен күрөшүү бул бийликтин катачылыгы. Баарынын оозун басууга мүмкүн эмес. Редакцияны жаап, аларды финансыдан куру калтырып, журналисттерди ишсиз, каражатсыз калтырууга болот. Бирок алар баары бир сөз эркиндигине болгон укугун талап кыла беришет. Ал эми адамдын колундагы акыркы нерсени тартып алса, жоготор эч нерсеси калбагандыктан, ал акыркы кадамга да барышы ыктымал. Бийлик өзү тирешүү курч абалга жетип калышына шарт тїзүп берүүдө.

—Сиз да Убактылуу өкмөттө иштедиңиз эле. Алмазбек Атамбаев Убактылуу өкмөттөгү үзөңгүлөштөрү менен келише албай, аларды сындоодо. Бул жагынан сиздин оюңуз кандай?
—Саясат жолуна аттанган адам өзүнүн  же үй-бүлөсүнүн тагдырын эле чечпей, мамлекеттин тагдыры үчүн да жоопкер. Тирешүү бүгүн эле башталган жок, тирешүү Убактылуу өкмөттөгү башка үзөңгүлөштөрүм сыяктуу эле мен Конституцияга єзгөртүү киргизүү боюнча өз позициямды айтканда башталган.  Иш Башмыйзамдын азыркы варианты канчалык жакшы же жаман экендигине деле байланыштуу эмес. Эл  2020-жылга чейин тийбей эле коюш керек деп чечсе, ал ошондой эле калтырылышы керек болчу. Конституция отурук алып, ал эми коомубуз болсо, Конституция кабыл алынган соң эреже, мыйзам менен жашоого көнүшү керек эле. Мамлекет бул өзүнө ыңгайлуу кылып өзгөртүп же ылайыкташтырып алган бир адамдын (спикер, премьер же президент) энчисине берилген менчиги эмес экенин эл түшүнүшү керек. Бийлик мыйзамга гана баш ийиши керек.

—7-апрель революциясына 7 жыл болду. Эгерде Садыркулов өлбөгөндө сценарий кандайча өнүкмөк? “Акжол” партиясынын ичинде Садыркулов алып келген команда мандат тапшырып, бийликти мыйзамдуу жол менен кулатуу чарасын көрмөк, анан Ибраимова президенттикке талапкер болуп чыкмак деген ойлор айтылып жүрөт?
—Тарых этиштин шарттуу ыңгайындай көрүнүшкө жол бербейт. Өлкөнүн тагдыры кандай болуп каларын эч ким биле албайт.

— Оппозиция менен бийликтин мындан аркы аракеттери кандай болот? Сизди президенттикке талапкерлигин коёт деп жалпыга маалымдоо каражаттары жазып жатат. Президентикке талапкерлигиңизди коёсузбу?
— Мен кандай кызматта, кандай абалда болсом да, колумдан келгендин баарын жасайм. Жеткиликтүү тажрыйбам жана билимим болуп туруп, айрыкча өлкөбүз мындай жеңил эмес, өткөөл учурда турганда, четте карап турбайм.

—Кыргызстандын келечегин кандай элестетесиз?
—Баары алдыдагы 5 жылга байланыштуу болот. Бул күздө мамлекет башчысы шайланаары белгилүү. Биздин өлкөбүздүн келечеги ушул шайлоонун жыйынтыгына жараша болот. Эгемендик жылдары биз көп нерсени колдон учуруп жибердик, ал тургай болгон нерсебизди да сактап кала албадык. Эгер биз келерки 5 жылда да сактап кала албасак, кардиналдуу реформа жүргүзө албасак, экономикалык абалды иш жүзүндө өзгөртө албасак, өлкөбүздүн коопсуздугун жана экстремизм коркунучун чече албасак, анда биз өлкөбүздү жоготуп алабыз. Бирок ушул абалдан чыгууга биздин мүмкүнчүлүгүбїз бар. Аракетти дал азыртан башташыбыз керек, дагы бир жолу жаңылууга акыбыз жок. Өлкөнүн туруксуздугуна эч убакта жол бербейли. Туруктуулукту, стабилдүүлүктү сактап, шайлоого баруу керек. Өлкөнү көтөрө турган адамды шайлаш үчүн эл өз добушун сатууну токтотушу зарыл.  Баары өзүбүзгө, шайлоого ким келээрине байланыштуу. Президенттикке талапкерлер ар бир жарандын турмушунун сапатын өзгөртүү үчүн шайлоочуларына чыныгы программаларды сунушташы керек деп ойлойм.

Маектешкен Айгүл Бакеева

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты