Өзбекстан менен Кыргызстанды төрт автобус каттамы байланыштырат

Өзбекстан менен Кыргызстанды төрт автобус каттамы байланыштырат“Өзбекстан менен Кыргызстан мамлекеттер аралык төрт автобус каттамын ачуу боюнча иштеп жатат” деп жазат “Народное слово” ЖМКсы Өзбек автотранспорт агенттигине шилтеме берип.
Агенттиктин жетекчисинин орун басары Шаалима Шавахабованын пикиринде, жакын арада “Ташкент-Бишкек”, “Фергана-Ош”, “Анжиян-Ош” каттамы жүрөрүн айтат. Ошондой эле сезон учурунда “Ташкент-Ысык-Көл” автобус багытын ачуу жагы каралууда.
Бул боюнча эки мамлекеттин тиешелүү кызматтарынын талкуусу уланууда.
Ал эми мурда маалымдагандай, Ташкент-Балыкчы-Ташкент багытындагы поезд быйыл 22-марттан тартып каттай баштайт.
Каттамды «Өзбек темир жолу» ишканасы жүргүзөт.
2016-жылы жай мезгилинде Ташкенттен Ысык-Көлгө поезд каттамы тууралуу сүйлөшүү болуп, бирок ал бир эле жолу жүргөн бойдон токтоп калган. 2017-жылы да ушундай сүйлөшүү болуп, ал да аткарылган эмес. Маалыматка караганда, поезд каттамын ачуу боюнча сунушту кыргыз тарап киргизген.
Ушул тапта Өзбекстандан Ошко жана Жалал-Абадга поезд жүргүзүү маселеси да каралып жатат.
«Эйр Манас» авиакомпаниясы Бишкек-Ташкент-Бишкек багытында авиакаттамдарды жүргүзүүдө.

Айжан Айтышева

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты