Аба ырайы төмөндөйт

Аба ырайы төмөндөйт16-17-мартта абанын температурасы төмөндөп, түнкүсүн Чүй, Талас өрөөндөрүндө -1…-6° суук, күндүз 0…5° жылуу, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -1° сууктан …+4° жылуулукка чейин, күндүз 4…9° жылуу, тоо этектеринде жана Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -2…-7° суук, күндүз  0…5° жылуу, тоолуу райондордо жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -8…-13°, күндүз -1…-6° суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -20…-25°, күндүз -5…-10° суук болушу күтүлөт.

2018-жылдын 16-мартынан 18-мартына чейин туруксуз аба ырайына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, ашууларда кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталат, жолдордун айрым жерлери тайгак болуп, муз тоңот.

Ошол себептен, унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты