Тышкы иштер министрлигинин демилгеси: Нооруз күнү—Бишкекте дипломатиялык жарманке

Тышкы иштер министрлигинин демилгеси: Нооруз күнү—Бишкекте дипломатиялык жарманкеТышкы иштер министрлигинен кабарлагандай, Нооруз күнү, 21-мартта ТИМ Бишкек мэриясы менен бирдикте дипломатиялык кайрымдуулук жарманкесин өткөрөт.
Бул иш-чара 2018-жылдын 21-мартында Бишкекте саат 10.00-16.00 “Курманжан датка” аллеясында өткөрүлөт.
Жарманкеге 20 дан ашык өлкөнүн элчиликтери менен өкүлчүлүктөрү катышат. Алар улуттук тамак-аш, ар кандай буюмдар, колго жасалган буюм, дизайнердик иштерди көрсөтүп, сатыкка чыгарат жана концерт коюшат.
Дипломатиялык кайрымдуулук жарманкесинин максаты— элди дүйнөнүн башка элдеринин салттары менен жакындан тааныштыруу, өз ара жакындашуу жана мындан ары кызматташууну жылуу маанайда улантуу.
Иш-чарадан түшкөн каражаттар Кыргызстандын социалдык мекемелерине бөлүштүрүлүп берилет.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты