«Электр станциялары” ЖЭБге алынган кымбат аттиштер менен видео байкоо тууралуу жооп берди

"Электр станциялары” ЖЭБге алынган кымбат аттиштер менен видео байкоо тууралуу жооп берди

“Электр станциялары” ачык акционердик коому Жылуулук электр борборуна эмнеге 600 долларга аттиш жана 1400 долларга байкоо видеокамералар алынгандыгы боюнча комментарий берди. Басма сөз кызматы 386 млн доллар болгон модернизациянын баасы бул жасалган бардык иштердин баасы экендигин билдирди.
-386 млн доллар бул—өтө жогорку температурада от жагууда колдонулуучу байкоо жүргүзүү видео камерасы; — 386 млн доллар бул—өнөр жайда колдонулуучу аттиштер комплектиси; -Жалпы модернизациянын баасы 386 млн доллар. Модернизация баасы көбөйтүлүп жазылган эмес.
Жылуулук электр борборунун жаңы блогундагы электрэнергиянын бир киловатты 1287 доллар. Дүйнөлүк практикада бир киловатт электрэнергия 1200 доллардан 2000 долларга чейин созулат. Ал эми Санкт-Петербургдагы мамлекеттик политехникалык институт жылуулук станцияларын курууда бир киловаттка 1400-2000 доллар коет, -дешти “Электр станциялары” басма сөз кызматынан.
Айта кетсек, ЖЭБдин мурунку директору ЖЭБди модернизациялооонун жалпы баасы 250 млн доллар болгонун басма сөз жыйынында айткан. Ал эми модернизацияга кеткен 386 млн доллардын калганын алынган аспап, байкоо видео камералары ж.б. га чачыратып бөлүштүргөн деп билдирген.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты